Урматтуу мекендештер!

             Мен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары, элибиздин турмушун жакшыртуу, ар бир жаранга татыктуу жашоо шартын түзүү жана өлкөнүн өнүгүүсүнө мыйзам чыгаруучу деңгээлде салым кошууну башкы милдетим деп билем.

Башкы багыттарым:

Билим берүү:
Көп айылдарда мектептер эскирип, балдарга ылайыктуу шарт жетишпейт. Менин негизги максаттарымдын бири — жаңы заманбап мектептерди куруу, бар болгон имараттарды оңдоо жана мугалимдер үчүн шарт түзүү.

Турак жай жана ипотека:
Жаш үй-бүлөлөр жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн жеткиликтүү ипотекалык турак жайларды куруу — социалдык туруктуулуктун негизги бөлүгү. Ар бир үй-бүлө өз үйүнө ээ болууга тийиш.

Туризм жана инвестиция:
Өлкөбүздүн кооз жаратылышын жана маданий мурастарын сактоо менен бирге туризмди өнүктүрүү жана чет элдик инвестицияларды тартуу — жаңы иш орундарын түзүү жана экономикабызды чыңдоонун негизги багыты.
Мен мыйзамдык деңгээлде инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана жергиликтүү демилгелерди колдоого аракет кылам.

Мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгү:
Элге жакын жана сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүү — менин артыкчылыктуу багытым. Нотариалдык жана социалдык кызматтарды өркүндөтүү, ар бир жарандын укугун коргоо үчүн шарт түзүү зарыл.

Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук:
Санитардык – эпидемиологиялык көзөмөлдө борборунун ишин күчөтүү, элдин ден соолугун жана коомдук коопсуздукту сактоо — мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү үчүн маанилүү.

     Мен элдин көйгөйлөрүн угуп гана тим болбостон, аларды мамлекеттик деңгээлде чечүүгө жана жашоону жакшырта турган мыйзамдарды жазууга милдеттенем.
Эл үчүн — ишеним, жоопкерчилик жана ачыктык менен кызмат кылам!