АШИМОВА ДИНАРА АШИМОВНА
Талапкердин кыскача өмүр баяны:
1973-жылдын 3-февралында Ош облусунун Алай районунда туулган. Эки жогорку жана бир академиялык билими бар. 1995-жылы КМУУнун юридикалык факультетин, 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын “Ммамлекеттик башкаруу” факультетин бүтүргөн, 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясынын аспирантурасын аяктаган;
1997-2015-жылдары Ош, Жалал-Абад, Чүй обулустарынын прокуратураларында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында иштеп, Бишкек шаарынын Биринчи май жана Ленин райондорунун прокурорунун орун басары болуп эмгектенген;
2015-жылдан 2021-жылга чейин “Глобал консалтинг” юридикалык компаниясынын жетекчиси болуп эмгектенген;
2011-жылдан тартып Кыргыз улуттук ат оюндары Федерациясынын президенти;
Үч баланын энеси.
2021-жылы «Ыйман Нуру саясий партиясынын тизмеси боюнча VII-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган.
2022-жылдын май айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы