СЕМЕТЕЙ КЫЗЫ АЙЗИРЕК
АВТОБИОГРАФИЯ
Мен, Семетей кызы Айзирек, 1994-жылдын 25-августунда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында төрөлгөм.
2001-жылы Т.Отунчиев атындагы №2 мектеп-гимназиясынын биринчи классына бардым. Экинчи классты бүткөндөн кийин үй-бүлөбүз Казакстан Республикасына, Алматы шаарына көчүп кеттик. Ал жерде №112 орто мектебинде 3-класстан 9-класска чейин билим алдым.
2011-жылы 9-классты аяктагандан кийин «Котормочулук иши» адистиги боюнча Эл аралык казак-кытай тил колледжине тапшырдым.
2020-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин (КМЮУ) «Сот- прокуратура ишмердүүлүгү» факультетинде билим алууну уланттым.
2024-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин «Юриспруденция» багыты боюнча бакалавр даражасы менен аяктадым.
Ошол эле жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Жазык укугу» адистиги боюнча магистратурасына тапшырып, учурда 2-курста окуп жатам.
Үй-бүлөлүк абалым бойдок. 2019-жылы төрөлгөн кызым — Семетеева Аиша Семетей кызы бар. Учурда «Учур» эл аралык мектебинин 1-классында окуйт.
Атам — Адиев Семетей, 1957-жылы төрөлгөн, пенсионер.
Апам — Исакова Айна, 1958-жылы төрөлгөн, пенсионер.
Агам — Адиев Нурлан Семетей уулу, 1983-жылы төрөлгөн, жеке ишкер.
Агам — Адиев Урматбек Семетей уулу, 1985-жылы төрөлгөн, жеке ишкер.
Эмгек жолу жана тажрыйба
2023-ж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Вице-спикеринин коомдук жардамчысы.
Жарандардын кайрылуулары менен иштөө, депутаттык ишмердүүлүккө аналитикалык колдоо көрсөтүү.
2024–2025-жж. — «Rayan Resorts» ЖЧКсында юрист.
Компаниянын юридикалык ишин жүргүзүү, келишимдер менен иштөө, уюмдун кызыкчылыктарын коргоо.
2024–2025-жж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги «Ынтымак» партиясынын лидерин коомдук кеңешчи.
Мыйзам чыгарууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, коомдук-саясий демилгелерге катышуу.
2025-ж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде тартылган эксперт.
Мыйзам долбоорлору боюнча эксперттик корутундуларды даярдоо, комитеттердин ишине катышуу.