ТОРОБЕКОВА НУРЖАМАЛ ТУРСУНАЛИЕВНА
Мен, Торобекова Нуржамал Турсуналиевна, 1979-жылдын 28-январында Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылында туулгам. Ата-энемдин мээриминде чоңойдум.
1986-жылы Социализм айылындагы №86 Курманжан Датка атындагы орто мектебине кирип, 1996-жылы мыкты көрсөткүчтөр менен аяктадым. 1996-жылы Ош мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырып, 2001-жылы «кыргыз тили жана адабияты, тереңдетилген англис тили мугалими» адистиги боюнча жогорку билим менен окуу жайды аяктадым.
Эмгек жолумду 2001–2002-жылдары Курманжан Датка атындагы орто мектепте англис тили мугалими болуп иштөөдөн баштагам. 2002–2010-жылдары жеке ишкерлик менен алектендим. 2010–2014-жылдары чет өлкөдө эмгек мигранты катары иштедим.
2014–2016-жылдары Москва шаарындагы Афганистан Элчилигинде референт кызматын аркалап, уюштуруучулук жана жоопкерчилик талап кылган иш тажрыйбасын топтодум.
2019-жылдын 11-октябрынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Мады айыл өкмөтүндө социалдык тармакта иштеп келем. Өз ишиме жоопкерчиликтүү мамиле кылып, жарандар менен иштөөдө боорукердикти жана кесипкөйлүктү жогору карманам. Үй-бүлөлүүмүн, үч баланын мээримдүү энесимин.