ДЖОЛДОШОВА ЖЫЛДЫЗКАН АЙТИБАЕВНА

Талапкердин кыскача өмүр баяны:

Джолдошова Жылдызкан Айтибаевна 1960-жылдын 2-мартында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылында туулган. 1979-жылы Фрунзедеги автомобиль жана жол техникумун, 1991-жылы Фрунзедеги политехникалык институтунун автомобиль жолдору факультетин ийгиликтүү аяктаган.

Алгачкы эмгек жолу 1979-жылы Оштогу курулуш-монтаждоо башкармалыгында техник болуп баштаган. Курулуш тармагында инженер, инспектор, жетекчи кызматтарын аркалаган.

Ж. Джолдошова 2010-жылдын октябрь айынан бери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты болгон. Ошол мезгилде парламентте өзүнүн эң активдүүлүгү, мыйзам чыгаруу ишин жакшы биле тургандыгы менен таанылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча Комитетинин төрайымы катары ал тарабынан бир катар мыйзамдар кабыл алынган. Парламенттик комиссиянын төрагасынын орун басары катары 2010-жылдагы Ош окуяларын иликтөө иштерине, улут аралык мамилени жөнгө салууга активдүү катышкан.

Ал кандай гана мамлекеттик кызматты аткарбасын, өзүнүн уюштуруучулук талантын, ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилесин көрсөтө алган. Айрыкча анын ишмердүүлүгү Курманжан Датка кайрымдуулук фондун негиздеп-жетектеген мезгилде таасын көрүндү. Кыргыз элинин тарыхый мурасын, советтик коммунисттик доордо унутулган тарыхый инсандардын ысымын жана эмгегин изилдөө, элге жеткирүү багытында зор иштер жасалды. Ж. Джолдошова жетектеген фонд улуу тарыхый инсан Курманжан Датканын өмүрү жана ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар долбоорлорду жүзөгө ийгиликтүү ашырды.

“Тоо ханышасы Курманжан жана анын мезгили” деген китеп чыгарылды. Бишкек шаарынын Эркиндик бульварына эстелик-монумент орнотулду.  “Тоо ханышасы” деген тарыхый даректүү кинотасма тартылды. Анын демилгеси менен 2011-жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Курманжан Датка жылы деп жарыяланды. Аны өткөрүү боюнча  Улуттук уюштуруу комитети түзүлгөн. Мааракелик иш-чаралардын алкагында республикалык телемарафон, концерттик программалар, көргөзмөлөр, илимий-практикалык конференциялар жер-жерлерде өткөрүлгөн. Мына ушундай зор иштер Ж. Джолдошованын демилгеси, жетекчилиги, активдүү катышуусу менен жүргүзүлгөн. Ошол чакырылыштын акыркы жылында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ата-Журт” депутаттык фракциясынын лидери катары да алгылыктуу иш алып барган.

Ж. Джолдошованын эмгеги жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын президентинин Ардак грамотасы жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери деген наамга татыктуу болгон.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

“Боорукер” фонду менен ЮНЕСКО уюму биргеликте “Мээрман эне” сыйлыгын ыйгарган.

КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамотасынын ээси.

Мындан сырткары Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, мамлекеттик тил комиссиясынын жана башка көптөгөн мамлекеттик мекемелердин атайын медалдары менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчиси деген класстык  чинге  ээ.

Ошондой эле Жылдызкан Жолдошова Өкмөттүн 1998-жылдын 19-февралындагы жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн персоналдык пенсинер.

Джолдошова Жылдызкан Айтибаевна мамлекеттик кызматтагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, мыйзамдуулукту өркүндөтүүгө, улуттук маданиятты  өнүктүрүүгө кошкон салымы өтө чоң.