Шайлоо алдындагы программа

№ 8 көп мандаттуу шайлоо округунан талапкер – Мамырова Бөдөш Аманбаевна

Акыркы жылдары Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, экономикада өсүш байкалууда. Мамлекеттик башкаруу жаңыланып, ири инфраструктуралык жана социалдык долбоорлор ишке ашырылууда.

Бюджеттик кирешелердин көбөйүшү өлкөнүн өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө.

Ошол эле учурда, жергиликтүү демилгелерди мамлекеттик бюджеттен каржылоо көбөйгөнүнө карабастан, айрым долбоорлор юридикалык жана уюштуруучулук тоскоолдуктардан, кадрдык жана техникалык жетишсиздиктен, ошондой эле көнүп калган коррупциялык көрүнүштөрдөн улам кечеңдеп же ишке ашпай калууда. Мунун айынан элдин ишеними жана ресурстардын натыйжалуулугу жабыркап келет.

Депутат катары менин максатым — бул көйгөйлөрдү системдүү чечүү жана мамлекеттик каражаттын ар бир тыйынын элдин жашоосуна иштетүү.

Мен:

  • долбоорлорду тандоо жана ишке ашыруу процессинде ачыктыкты жана коомдук көзөмөлдү күчөтөм;
  • бюрократиялык создуктурууларды жоюп, коррупцияга каршы мыйзамдык тоскоолдуктарды бекемдейм;
  • ар бир долбоор боюнча парламенттик көзөмөлдү күчөтүүгө демилге көтөрөм.

Мындан тышкары, бийик тоолуу, климаттык шарты оор жана калкы жыш аймактардын жашоосун жакшыртуу — өзгөчө артыкчылыктуу багытым болот.

Мен:

  • тоолуу аймактардагы жол, мектеп, оорукана жана байланыш инфраструктурасын жакшыртууну колдойм;
  • жумуш орундарын түзүү жана жаштардын көчүп кетишин азайтуу үчүн чараларды илгерилетем;
  • айыл чарбасын, чакан ишкердикти жана экологиялык коопсуздукту өнүктүрүүгө багытталган программаларды колдойм.

Мен ишенем: ар бир аймакка тең көңүл бурулганда гана өлкө алдыга жылат, ар бир демилге ишке ашканда гана элдин жашоосу өзгөрөт.

Мамырова Бөдөш Аманбаевна

Талапкер, № 8 көп мандаттуу шайлоо округу Бишкек, 2025-жыл