МАМАЖАКЫПОВА ЧЫНАРА ЖУМАНАЗАРОВНА
ӨМҮР БАЯНЫ
Мен, Мамажакыпова Чынара Жуманазаровна, 1986-жылдын 14-июнунда Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында төрөлгөм.
Балалык чагым Гүлчө айылында өткөн.
1-класстан 5-класска чейин Муса Адышев атындагы орто мектепте, ал эми 6-класстан тарта тандоо жолу менен сынактан өтүп, Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы лицей-интернатта орто билим алдым.
Мектепти аяктагандан кийин билимимди улантуу максатында Бишкек шаарына келгем.
2006-жылы Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясына тапшырып, юриспруденция адистиги боюнча жарандык укук адиси квалификациясына ээ болдум.
2012-жылы жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктап, кесиптик ишмердүүлүгүмдү баштадым.
2012-жылдан тартып кийим жеткирүү жана туризм тармагында ишкердик менен алектенип келем.
2013-жылы өзүмдүн «Chiki» аттуу бренд-компаниямды негиздеп, мода үйүнүн директору болуп иштей баштадым.
2005–2012-жылдары — «Деловой Туризм КГ» коомдук кеңешинин координатору болуп эмгектендим.
2013–2015-жылдары — «Керемет Келечек» балдар үйүн түзүп, жетекчилик кылдым.
2015-жылы — «Чики-Строй» курулуш компаниясын негиздегем.
2020-жылы — «Марва-ТВ» телеканалынын коммерциялык директору, «Тынчтык» саясий партиясынын лидери жана «Аяр Зат» коомдук бирикмесинин төрайымы болуп шайландым.
2021-жылы — «7 дубан — бир максат» форумунун демилгечиси болдум.
2012-жылдан бери «Мукар Профи» адвокаттар коллегиясынын укук коргоочусу болуп иштейм.
Ошондой эле экологиялык жана коомдук иштерге активдүү катышып, «Ысык-Көл күнү» экологиялык кыймылынын уюштуруу комитетинин мүчөсүмүн.