Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жумаева Динара Нуркамиловнанын шайлоо алдындагы программасы
Максатым:
Кыргызстандын ар бир жараны- коопсуздукта жашап, эмгектенип, мамлекет тарабынан социалдык колдоо таап, ишенимдүү жашаган өлкөнү түзүү.
Менин девизим :
«Ар бир ийгилик-кичинекей кадамдан башталат!»
«Уңгужолду улантам»
ПРИОРИТЕТТҮҮ БАГЫТТАР:
1.Экономиканы колдоо жана жумуш орундар
- Мыйзамдарды жана программаларды кабыл алам, дыйкандарды, чакан жана орто бизнести колдоо үчүн, алардын кирешесин көбөйтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу, туруктуу базарга алып чыгуусуна шарттарды түзүү;
- Микрокаржылоо жана жеңилдетилген насыя программаларын талдап, ишкерлер үчүн ыңгайлуу пайызы жок кредиттик продуктуларды киргизүүнү сунуштайм.
- Интеллектуалдык менчикти коргоо
Ойлоп табуулар,географиялык көрсөткүчтөрдү алып чыгуу, жеке бренддерди колдогон мыйзамдарды жазам.
2. Социалдык коргоо жана үй-бүлөлөргө кам көрүү
- Социалдык колдоо чараларын бекитем, “Балага сүйүнчүнүн” суммасын 20 000 сомго чейин көтөрүү жана мамлекет тарбынан балдарга берилүүчү жөлөк пулду ар бир үй бүлөө социалдык абалына карабастан алуусуна демилге көтөрөм .
- Жергиликтүү бала бакчаларды жана мектептерди өнүктүрүүгө, алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, жаңы заманбап усулдарды киргизүүгө республикалык бюджеттен акча бөлдүрөм.
- Улуу муундагылар үчүн шарт түзөм: Аймактарда улуу муундар үчүн насаатчылык ынтымак ордолорун түзүү демилгесин улантам
- Саламаттыкты сактоо жана алдын алуу программаларын колдойм, медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүктү, ар бир аймакта оорулардын алдын алуу, кызмат көрсөтүунү заманбап техникалык каражаттар жана усулдар менен камсыздоо маселесин көтөрөм.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликттуу жамааттар менен биргеликте
ар бир аймакта эс алуу парктарын, жашы улгайгандар жана балдар үчүн атайын эс алуу парктарын ачуу боюнча программаларды иштеп чыгам
- Билим берүү жана жаштар
- Мектептерге заманбап билим берүү жана санариптик технологияларды киргизүүнү камсыз кылуучу мыйзамдарды колдойм.
- Жаштар үчүн ментордук жана лидерлик программаларын иштеп чыгуу боюнча демилге көтөрөм, алардын потенциалын ачуу жана коомго салым кошуусун камсыз кылуу үчүн.
- Бүтүрүүчүлөр үчүн ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн түзгөн программаларды бекитүүгө демилгечи болом, чет өлкөгө кетип калууну азайтуу үчүн жеринде жумуш орундарын көбөйтөм.
- Адилеттүүлүк жана коопсуздук
- Коррупцияга каршы мыйзамдарды күчөтүү – мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу жана бюджеттин ачык-айкын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча демилгелерди көтөрөм.
- Таза шайлоо системасын камсыз кылуу – шайлоо процессин ачык-айкын кылуу жана добуш сатып алуу менен күрөшүү боюнча мыйзамдарды колдойм.
- Коопсуздук жана алдын алуу программаларына бюджет каражатын бөлүү – жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, ар бир жаран үчүн жеткиликтүү массалык спортту өнүктүрүү боюнча мыйзамдарды колдойм
- Региондорду өнүктүрүү
- Айылдардагы, кичи шаарлардагы инфраструктурага инвестиция тартуу боюнча мыйзамдык демилгелерди колдойм – жолдорду оңдоо, таза суу жана электр энергиясына жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктү өнүктүрөм.
- Жергиликтүү өз алдынча башкарууну күчөтүү - жарандардын чечим кабыл алууга катышуусун кеңейтүүчү мыйзамдарды жактайм жана жергиликтүү бюджеттердин ачыктыгын талап кылам.
- Аймактык экономиканы колдоо үчүн бюджеттик программаларды бекитем - чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө каражат бөлдүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүү жана миграцияны азайтуу боюнча чараларды колдойм.