№8 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер
Акаев Жанарбек Кубанычовичтин шайлоо алдындагы программасы
- Калк менен байланыш.
Кара-Суу районунун Датка, Мады, Баш-Булак айыл өкмөттөрүндө, Алай жана Чоң-Алай райондорунда эл менен тыгыз иштөө үчүн туруктуу иштеген “коомдук кабылдама” ачуу. Аталган кеңселерде ай сайын жергиликтүү элдин көйгөйлөрүн угуу жана чечүү. Бул калк менен эл өкүлүнүн ортосунда тыгыз байланышты түзөт.
- Билим берүү.
Мен учурда иштеп жаткан «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын негизги авторумун. Аталган мыйзамдын алкагында бала бакчага барган балдардын пайызын 24%дан 53%га чейин жогорулата алдык. Орто мектептердеги милдеттүү акредитациялоону ыктыярдуу кылып, миңдеген мугалимдерди түйшөлткөн негизги көйгөйдү чече алдык. Үй-бүлөлүк типтеги бала бакчаларды жана жеке менчик мектептерди ачуудагы бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштерди улантуу, ошондой эле биздин округдагы райондорго жогорку билим сапаты менен таанылган атактуу лицей, мектептерди ачууну колгоо алуу.
- Аймактык өнүгүү.
Алай жана Чоң-Алай райондору чек арада жайгашкан, климаттык шарты оор, бирок өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү бар аймактар. Бул аймактар чек ара статусуна ээ болгону менен, азыркыга чейин мамлекет тарабынан тийиштүү деңгээлде колдоо ала элек. Дал ошол жеңилдиктерди ишке ашыруу, чек аралаш айылдардын тургундарына социалдык төлөмдөрдү көбөйтүү керек. Андан сырткары, менин дагы бир максатым – Алай жана Чоң-Алай райондорун өнүгүүнүн жаңы баскычына чыгарып, коңшу Кытай менен биргеликте ири соода-логистикалык хаб түзүү. Бул долбоор келечекте аймакты Борбор Азиядагы стратегиялык соода борборлорунун бири кылат.
- Социалдык инфраструктура.
Кара-Суу районунун Датка айыл өкмөтү Ош шаарына туташ болгону менен, инфраструктуралык жактан артта калган. Бул багытта жаратылыш газын киргизүү (газдаштыруу) боюнча долбоорду колго алдык жана аны ишке ашырабыз. Ошондой эле заманбап бала бакча, спорт комплекс, маданият жана эс алуу борборлорун куруу багытында бюджеттен жана фонддордон каражат тартуу боюнча иш алып барабыз.
- Өнөктөштүк.
Гүлчө шаарынын өнүгүүсү үчүн ички жана тышкы өнөктөш шаарлар менен достук жана кызматташтык келишимдерин түзүү демилгесин көтөрүү.
- Туризм.
Алай, Чоң-Алай райондорунун табигый өзгөчөлүгүн эске алуу менен кышкы жана жайкы туризмди өнүктүрүү, ири инвестициялык долбоорлорду тартуу — бул менин программамдын маанилүү бөлүгү.