ДЖАЛИЛОВ АЗАМЖАН АБДУЛЛАЖАНОВИЧ
Мен, Джалилов Азамжан Абдуллажанович, 1982-жылдын 15-июлунда Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарында төрөлгөм. 1988-жылы Өзгөн шаарындагы А.Навои атындагы №6 орто мектебине 1-класска кирип, 1999-жылы ийгиликтүү аяктадым. Ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясына тапшырып, аны 2007-жылы аяктап, 2007-2010-жылдары «Евростиль» ЖЧКсында менеджер болуп иштегенмин. 2010-2017-жылдары "Евростиль" ЖЧКсынын директору болуп иштегенмин. 2017-жылдын 9-январынан 2021-жылдын 17-майына чейин Өзгөн шаардык кеңешинин VI-чакырылышынын төрагасы болуп иштегем. 2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңешке болуп өткөн шайлоодо Өзгөн шаардык кеңешинин VII-чакырылышына депутат болуп шайланып депутаттар тарабынан шаардык кеңештин төрагасы кылып шайлашты, ушул күнгө чейин бул кызматты аркалап келем.