Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкердин шайлоо алдындагы программасы

 

               Бүгүнкү күндө Кыргызстан эмгек миграциясы жана ишкердикти өнүктүрүү жаатында маанилүү маселелерге тушугууда. Миллиондон ашык жарандарыбыз чет өлкөлөрдө иштеп, акча которуу аркылуу өлкөнүн экономикасына чоң салым кошуп жатышат. Бирок, мамлекет туруктуу экономикалык өнүгүүнүн булагы катары мигранттардын мүмкүнчүлүгүн жана тейлөө тармагын толук кандуу  пайдалана элек.                Менин максатым – Кыргызстандын ар бир жараны өз өлкөсүндө өзүнүн мүмкүнчүлүгүн кеңири ишке ашыра ала турган шарттарды түзүү, ал эми миграция аргасыздык эмес,  аң-сезимдүү тандоо болуусу зарыл.

        

               Программанын негизги багыттары:                1. Эмгек мигранттарын жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоо;               2. Жарандардын миграция маселелери боюнча Бирдиктүү улуттук агенттигин түзүү боюнча иштерди жүргүзүү;               3. Чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо;               4. Юридикалык жана консультациялык жардам көрсөтүү;               5. Мигранттардын өз өлкөсүнө кайтып келишине жана ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү;               6. Мигранттарды жаңы кесиптерге үйрөтүү, бизнес ачуу үчүн гранттар, мигранттардын үй-бүлөлөрүн социалдык колдоо боюнча алар үчүн программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;               7. Кыргызстандыктардын эмгегин мыйзамдаштыруу жана социалдык укуктарын коргоо боюнча кабыл алуучу өлкөлөр менен эки тараптуу келишимдерге кол коюу.                2. Кызмат көрсөтүү чɵйрɵсүндɵгү бизнести өнүктүрүү                - Чакан жана орто бизнести, өзгөчө тейлөө тармагында (сулуулук салондору, оңдоо, IT, туризм, логистика жана коомдук тамактануу) каттоону жана салык салууну  жɵнɵкɵйлɵштүрүү;              - «Ишкерлер үчүн бирдиктүү терезени»   – бардык уруксаттар, лицензиялар жана салык операциялары бир жерде, онлайн режиминде болушун киргизүү;               - Жеңилдетилген кредиттерди берүү жана окутуу аркылуу аялдардын жана жаштардын ишкердигин колдоо.

 

               3. Миграция-өнүгүүнүн булагы катары                - инвестициялык программаларга мигранттардын акча которууларын тартуу;               - «Мигрант-инвестор» программалары: мекенине кайтып келген жарандар бизнес ачууда салык жеңилдиктерин алышат.               - Кыргыз диаспорасы менен өз ара аракеттенүү платформасын  түзүү – тажрыйба алмашуу, биргелешкен долбоорлор, тренингдер жана насаатчылык.

 

  4. Билим берүү жана кесипке даярдоо                - заманбап тармактарда: сервис, туризм, IT, транспорт, медицина жаатында  кесиптик-техникалык  окуу жайлардын системасын өнүктүрүү;               - Чет өлкөгө чыгаар алдында мигранттарды окутуу борборлорун түзүү - тил билүүгɵ, эмгек мыйзамдары, финансылык сабаттуулук боюнча окутуу;               - «Кайтып келгендер үчүн билим берүү» программаларын — тездетилген кайра даярдоо курстарын киргизүү.                5. Эмгек шарттарын жана социалдык коргоону жакшыртуу                - Эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамды иштеп чыгуу жана демилгелөө (Кыргызстанда эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо негизинен Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси жана «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат).               - Эл аралык келишимдер аркылуу мигранттарды милдеттүү социалдык камсыздандырууну киргизүү.               - жүргɵн өлкөсүнө карабастан медициналык жана пенсиялык кызмат кɵрсɵтүүлɵргɵ  жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.

 

               Менин максатым:               1. Аргасыз миграциянын деңгээлин төмөндөтүү.               2. Кайтып келип жаткан жарандардын санын көбөйтүү.               3. Тейлөө тармагындагы чакан ишканалардын санын көбөйтүү.               4. Калктын  кирешелерин жана ɵлкɵ ичинде жумуштуулукту жогорулатуу.

 

               Менин программам жарандардын эртеңки күнүнɵ болгон  ишенимин жогорулатуу жана ар бир кыргызстандыкка өз жеринде иштеп, ɵркүндɵп-ɵсүп,  татыктуу жашай турган шарттарды түзүүгө багытталган.               Миграция арга жоктун амалы  эмес, өсүштүн булагы, ал эми тейлөө тармагы Кыргызстандын жаңы экономикасынын кыймылдаткычы боло алат деп ишенем.