Мен Толтоев Эрнис Мукашбекович, 1986-жылы 15-декабрда Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак айылдык кеңешинин Южводстрой айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөнмүн.
1993-жылы Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айылындагы П.Жолдошов атындагы орто мектебине 1-класска барып, 2004-жылы ушул эле мектепти аяктаганмын. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин физика-техника факультетине тапшырып, 2009-жылы “инженер” адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаганмын.
2009-жылы Ош шаардык мэриясына караштуу дене тарбия, жаштар саясаты жана туризм комитетинде жетектөөчү адис, 2009-2012-жылдары Ош облусунун мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис, башкы адис, 2012-2013-жылдары Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – губернатордун жардамчысы кызматтарын аркаладым. Андан соң, 2013-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына шайланып, 2016-жылга чейин эмгек өтөгөнмүн.
2016-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаты кызматына шайланганмын.
2016-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында Премьер-министрдин жардамчысы, Премьер-министрдин катчылыгынын аналитикалык камсыздоо тобунун эксперти кызматтарын аркаладым. 2017-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы кызматында эмгектендим.
2022-2024-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматында иштедим.
Эмгек ишмердүүлүгүмдө бир катар мамлекеттик жана өкмөттүк сыйлыктарды алууга жетиштик. Ошону менен катар, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жарандык кызматтын III-класстагы кеңешчиси мамлекеттик чинине ээ болдум.
Учурда убактылуу иштебейм. Үй-бүлөлүүмүн. Келинчегим менен 2 уул, 2 кызды тарбиялоодобуз.