Лозунг: "Чындык айтылган жерде ыйман жашайт, адилеттикке ишенген эл жыгылбайт"
"Беш манжа башка билек бир, баарыбыз башка тилек бир"
КР ЖК депутаттыгына талапкердин программасы:
Турмуш улам алдыга жылган сайын коом өнүгүп, жашоо минимуму токтоосуз жогорулап олтурат. Ансайын мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат. шайлоо алдындагы программада төмөнкү сунуштарды иш жүзүнө ашырууну пландадым:
- балдарга берилүүчү пособиелерди алуунун баш айланткан эрежелерин, талаптарын жоюп, мыйзамдык, акыйкаттуу, жөнөкөй шарттарды киргизүүнү негизги деп эсептеймин.
- жаңыдан төрөлгөн ымыркай үчүн бир жолку сүйүнчү жана пособие милдеттүү түрдө чегерилип, аткарылышы катуу көзөмөлгө алынууга тийиш;
- чыгармачыл мугалимдердин, эл агартуунун отличниктеринин, эмгек сиңирген мугалимдердин эмгектерин стимулдаштыруу максатында мыйзам менен аларга кошумча акы берүүнү киргизүү;
- ЖТР (ОРТ) системасы окуучунун чыныгы билимдүү экендигин адилеттүү түрдө аныктай албагандыгын мугалимдердин калың катмары ич ара айтып эле келишет. Ошондуктан баалоонун ЖРТ (ОРТ) системасын жоюуну;
Мектепке “мугалим” деген окладдык система киргизүүнү; (окладга өзүнчө, саатка өзүнчө тариф менен төлөнүүгө тийиш.