САИПБАЕВ НУРЛАНБЕК ЖАНЫБЕКОВИЧ

Мен, Саипбаев Нурланбек Жаныбекович, 1987-жылдын 8-майында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кароол айыл өкмөтүнүн Шералы айылында туулганмын.
1993–2004-жылдары Шералы айылындагы К. Рысбаев атындагы №40 орто мектепте окуп, аны аяктадым.
              2004-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Түштүк регионалдык институтуна тапшырып, 2010-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун юридикалык факультетин “Юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөм.

01.12.2012-жылы — Кароол айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын депутаты,
14.12.2016-жылы — Кароол айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаты,
27.01.2017–11.04.2021-жылдары — Кароол айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын төрагасынын орун басары болуп иштегенмин.
06.04.2016–18.05.2018-жылдары “Курулуш Нур” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси,
04.04.2019–07.12.2023-жылдары “Глобал FC” промоутердик компаниясынын жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси,
27.02.2024–24.10.2025-жылдары Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектендим