КАДЫРОВА ЖЫЛДЫЗКАН ТУРУМБЕКОВНА
Кадырова Жылдызкан Турумбековна
Туулган жылы жана жери: 26-август 1974-жыл, Нарын облусу, Ак-Талин району, Дюрбелджин айылы
Жарандыгы: Кыргыз Республикасынын жараны
БИЛИМИ
Жогорку билимдүү.
1993–1998-жж. — Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети), биология мугалими адистиги боюнча бүтүргөн.
2014–2018-жж. — Ош мамлекеттик юридикалык институту, юриспруденция (укук таануу) адистиги боюнча билим алган.
ЭМГЕК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
Көп жылдык иш тажрыйбасында мамлекеттик, жеке жана укуктук тармактарда эмгектенген.
1999–2000-жж. — Сокулук райондук жер жана агрардык реформалар борбору, катчы жана ЭВМ оператору.
2000–2005-жж. — Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы, I категориядагы техник.
2005–2008-жж. — ОсОО «Риэлт-Регистр», генералдык директор.
2008–2010-жж. — Ош шаардык башкармалыгы, Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана кадастр департаменти, жетекчи адис.
2010–2014-жж. — ОсОО «Риэлт-Регистр», генералдык директор.
2014–2020-жж. — жеке ишкер, ЧП «Кадырова», укуктук кызмат көрсөтүү тармагында иш жүргүзгөн.
2020-жылдан бүгүнкү күнгө чейин — адвокат, Ош шаарындагы жеке адвокаттык кабинеттин жетекчиси.
Кесиптик ишинде адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту жана адамдын кадыр-баркын сактоо принциптерин жетекчиликке алат. Коомдук турмушка активдүү катышып, укуктук сабаттуулукту жогорулатуу жана жарандардын укуктарын коргоо багытында иш алып барат.