ТАЛАПКЕР

 

БААТЫРОВА ГУЛНАРА МАРИШОВНАНЫН

 

ПРОГРАММАСЫ:

 

Урматтуу кыргызстандыктар!

Мен өз өмүрүмдү саламаттык сактоо жана социалдык тармакка арнадым.
Эмгек жолумду участоктук дарыгерден баштап, министрлик деңгээлине чейин жеттим.
Ар дайым эл менен - алардын көйгөйү, үмүтү жана тагдыры менен — бирге болдум.

Аймактарда, айрыкча Кара-Кулжа жана Өзгөндө жашоонун сапаты кандай экенин жакшы билем: ар бир дарыгер - көп тармактуу адис, ар бир эне - баатыр, ар бир үй-бүлө - мамлекеттин тиреги.

Депутат катары “муну курам, тигини салам” деп убада бербейм - бул өкмөттүн иши.
Бирок элдин жашоосуна түз таасир эткен, аймактардагы турмуш сапатын жакшырта турган мыйзамдарды демилгелеп, элдин үнүн бийликке жеткирүүгө бардык күчүмдү жумшайм.

Мурда элге пайда алып келчү иштерди жасоого аракет кылдым. Айрымдары ишке ашты, айрымдары токтоп калды. Эми ошол иштерди мыйзам аркылуу бекемдеп, элдин жашоосун жеңилдетүү - менин башкы максатым.

Мен түшүнөм: депутаттыкта ар бир тармак маанилүү - билим да, экономика да, экология да.
Бирок мен төмөндөгү эки багытты өзгөчө белгилегим келет, анткени адамдын ден соолугу жана социалдык абалы оңолмейин, башка тармактарда туруктуу ийгилик болбойт:

1. САЛАМАТТЫК - ЭЛДИН БАШКЫ БАЙЛЫГЫ

Акыркы жылдары мамлекет саламаттык сактоо системасына өзгөчө көңүл буруп келе жатат. Жаңы оорукана, поликлиникалар курулуп, айрым аймактарда жабдуулар жаңыланып, медиктердин маянасын көтөрүү багытында да кадамдар жасалды. Бул аракеттерди ар бир жаран сезип турат, бирок көйгөйлөр дагы эле арбын. Айыл жеринде дарыгер жетишпейт, көпчүлүк адистер борборго кетүүгө мажбур. Дарыгерлер үчүн иш шарттары, турак-жай маселеси, социалдык коргоо деңгээли толук кандуу чечиле элек. Ошол эле учурда оорулардын, айрыкча балдар арасындагы оорулардын саны көбөйүп, калктын ден соолугуна кам көрүү маселеси курч бойдон калууда.

Саламаттык сактоо - бул бир эле министрликтин иши эмес, бул улуттук деңгээлдеги милдет. Ар бир жаран, ар бир үй-бүлө, ар бир айыл бул системанын бир бөлүгү. Ошондуктан биз саламаттык сактоону инфраструктура катары гана эмес, коомдук маданият катары да бекемдөөгө тийишпиз. Ден соолук - билим, жашоо образы, таза суу, сапаттуу азык жана дарыгерге ишеним менен тыгыз байланышкан түшүнүк.

Менин көз карашымда, биринчи кезекте үй-бүлөлүк медицинаны күчөтүү, айылдагы дарыгерлердин абалын жакшыртуу, балдар менен аялдардын ден соолугуна өзгөчө көңүл буруу зарыл. Кара-Кулжа жана Өзгөн аймактарындагы оорукана жана поликлиникадагы тейлөө шарттарын заманбап деңгээлге алып чыгуу, “Ден соолук айылы” программасы аркылуу көчмө лабораториялар менен мобилдик дарыгерлерди уюштуруу, жаш медиктер үчүн атайын колдоо фондун түзүү - бул аймактагы эл үчүн реалдуу жардам болот.

Мамлекет пайдубалды түптөп жатат, бирок бул ишке эл, адистер жана жарандык коом да активдүү катышуусу зарыл. Ден соолук - бул биздин эң биринчи байлыгыбыз.

2. МИГРАНТТАРДЫН ҮЙ-БҮЛӨЛӨРҮ - ОРТОК ЖООПКЕРЧИЛИК

Бүгүн миңдеген кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө иштеп, үй-бүлөсүн жана мамлекетти багып жатышат. Алардын эмгеги - биздин экономика үчүн чоң салым. Бирок ошол эле учурда бул көрүнүштүн дагы бир оор жагы бар: ата-энеси сыртта жүргөн миңдеген балдар бул жакта чоң ата, чоң эненин колунда чоңоюп жатат. Алар ата-энесинин мээримине, көңүлүнө жана руханий колдоосуна муктаж. Бул - жөн гана социалдык маселе эмес, бул биздин коомдун келечеги үчүн чоң коңгуроо.

Акыркы жылдары мамлекет мигранттарга жардам берүү үчүн бир катар иш-чараларды көрүп жатат: эл аралык келишимдер түзүлүүдө, борборлор ачылууда, кайтып келгендер үчүн адаптация программалары ишке кирүүдө. Бирок биз бул багыттагы иштерди өлкө ичинде дагы күчөтүшүбүз керек. Эң негизгиси - сыртта жүргөндөрдүн үй-бүлөсүн, айрыкча балдарын мамлекеттин камкордугуна алуу.

Мен бул маселе боюнча бир нече конкреттүү кадамдарды көрүүнү туура деп эсептейм:

  • мектептерде психологдор жана социалдык педагогдор иштеген «Балдар үчүн Кыргызстан» программасын киргизүү;
  • балдарын чоң ата, чоң эне тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө кошумча жөлөкпул берүү;
  • айыл жерлеринде балдар өнүгүү борборлорун ачуу;
    чет жактан кайтып келген мигранттар үчүн реинтеграция жана адаптация программаларын колдоо;
  • мигранттардын укуктарын коргоо боюнча эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүү.

Биздин милдет - алардын артында калган балдарга жана үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү, ал эми келечекте миграция эмес, Кыргызстанда иштеп, жашап калуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү.