БИРИНЧИ БАГЫТ:

"Өзгөн күрүчү"дүйнөлүк бренд: Ар айылда күрүчтү тазалоочу жана таңгактоочу чакан заводдорду курабыз. Натыйжада: дыйкандардын кирешеси эки эсе өсөт, күрүч араб өлкөлөрүнө, Европага жана Азияга сатылат.

Мал чарбасын онүктүрүү: Асыл тукум уй-музoo, кой эчкилерди көбөйтөбүз. Заманбап этжана сүт иштетүү заводдорун куруп, экспортко чыгарабыз. Натыйжа: 500дөн ашык жаңыжумуш орду.

Инвестицияларды жана гранттарды тартуу: Өнөр жай аймагын түзүп, иштетилген азык-түлүк, минералдуу суу заводдорун курабыз. Жергиликтүү ишкерлер үчүн жылына 7 миллион сомго чейин гранттар бөлөбүз.

ЭКИНЧИ БАГЫТ:

"Жашыл Мурас" демилгеси: Ар айылга жылына 1000дан көчөтотургузабыз. Өзгөндүн абасы тазаланат, кооздолот.

Өзгөн – тарыхый жана туристтик борбор: Базарды заманбап жайга көчүрөбүз. Эски ордуна жаңы үйлөр, соода борбору, парктар курабыз. Тарыхый мунаранын айланасынжаңылап, туристтер үчүн тартымдуу зона түзөбүз.

Тоо туризмин өнүктүрүү: Кара-Шорону демилгелүү курортко айландырабыз. Жолуноңдоп, эс алуу жайларын курабыз. Кийинчерээк "Өзгөн Тоо Лыжасы" долбоорун ишкеашырабыз.

ҮЧҮНЧҮ БАГЫТ:

"Билимдүү жаштар - биздин күчүбүз"

Жаңы мугалимдер: Мугалимдер үчүн ар дайым кесиптик өнүгүү курстарын уюштурабыз.

Китепканалар жана ийгилик мектеби: Ар айылда жаңы китепканалар ачып, "Бир адамдан1000 китеп" демилгесин колдойбуз. Окуучулар ийгиликке жеткен инсандар мененжолугушат.

IT-Академия Өзгөн: Жаштар үчүн акысыз IT-курстарды ачабыз. Натыйжада: жаштарӨзгөндө калып, билимдүү, эң сонун кесиптерге ээ болот.

МЕНИН УБАДАМ:

Мен, депутат болуп шайланып калсам, Өзгөн районунун ар бир айылынын өнүгүшү үчүнтынымсыз иштейм. Бул долбоор–биздин чогуу ишеничибиз жана күч-аракетибиз. Ар бирпункт үчүн жоопкерчилик менен эсеп берем.

ӨЗГӨНДҮН КЕЛЕЧЕГИ – БИЗДИН КОЛУБУЗДА!