КАЛБЕРДИЕВА МАВЛЮДА КАЛМАМАТОВНА
Кыскача өмүр баяны
Мен, Калбердиева Мавлюда Калмаматовна, 1966-жылдын 25-июнунда Сузак районунун Октябрь айылынында төрөлгөм. 1983-жылы Багыш айылынын аймактык башкармалыгына караштуу Сафаровка айылындагы Ф. Э. Дзержинский атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктадым.
1984-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун «Фармация» факультетине (азыркы И. Ахунбаев атындагы медициналык академия) тапшырып, аны 1989-жылы ийгиликтүү бүтүргөм.
Институтту аяктагандан кийин 1989-жылы эмгек ишмердүүлүгүмдү «СокулукФарма» уюмунда провизор кызматынан баштагам (Сокулук райондук дарыканалар башкармалыгы). Андан кийин Сокулук районундагы дарыкананын башчысы болуп иштегем. Кийин «АкулаФарм» фармацевтикалык компаниясын уюштуруп, анын негиздөөчүсү болдум.
Саламаттыкты сактоо мекемелерин жана калкты дары-дармек менен камсыз кылуудагы активдүү ишим үчүн, ошондой эле Нарын облусунун Ат-Башы районундагы орто мектеп мугалимдерине жана окуучуларына материалдык колдоо көрсөткөндүгүм үчүн «Ат-Башы районунун Ардактуу жараны» наамы берилген.
2021-жылы «Ишеним» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер болгом. Шайлоонун жыйынтыгында 2148 добуш алганмын.
Буга чейин жана учурда да Сокулук жана Ат-Башы райондорундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө туруктуу түрдө материалдык жардам көрсөтүп келем.
Сыйлыктарым:
- Ат-Башы районунун Ардактуу жараны
Чүй облусунун администрациясынын «Чүй айымы» медалы
- Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айыл өкмөтүнүн Ардактуу жараны