САЛЯМОВА ВЕНЕРА ХАМЗАЕВНА
2025–2030-жылдарга карата депутаттык иш-чаралардын программасы
Кыргызстандын келечеги — ар бир жарандын коопсуздугуна, укуктук корголушуна жана мамлекетке болгон ишенимине түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан менин негизги максатым — коомдогу зордук-зомбулукту, коррупцияны жана социалдык адилетсиздикти азайтуу менен ар бир жарандын укугун жана кадыр-баркын сактоо.
Балдар менен аялдарга карата зомбулуктун бардык түрүн алдын алуу, үй-бүлөлүк тарбияны чыңдоо жана укуктук маданиятты жогорулатуу — бул программаны ишке ашыруунун өзөгүн түзөт. Мектептерде укуктук жана психологиялык сабаттуулук сабактарын киргизүү, ар бир аймакта кризистик жардам борборлорун ачуу жана киберзордукка каршы атайын коргоо системасын түзүү зарыл.
Ошол эле учурда, жарандарга турак жай куруу үчүн берилүүчү жер маселесин ачык-айкындугун камсыздоо менен электрондук форматта жөнгө салуу зарыл. Ар бир жаран өз кезегин онлайн көрө турган “электрондук кезек” системасын киргизүү, маалыматтарды мамлекеттик портал аркылуу коомчулукка жеткиликтүү кылуу жана социалдык адилеттүүлүк принцибин бекемдөө — коррупцияны азайтуунун негизги жолу болуп саналат.
Бүгүнкү күндө дагы жаштар арасында баңгилик, вейп жана эрте никеге туруу фактылары көбөйүүдө. Бул көйгөйлөргө каршы ата-эне, мектеп жана укук коргоо органдарынын бирдиктүү иш-аракети аркылуу профилактикалык иштерди күчөтүү маанилүү.
Ошондой эле, миграция маселеси, жумушсуздук жана эрте никеге туруу — балдардын жана аялдардын социалдык коопсуздугуна түздөн-түз таасир этүүдө. Ошондуктан жумуш орундарын көбөйтүү, айыл жергесинде аялдардын жана жаштардын чакан ишкердик демилгелерин колдоо — бүгүнкү мезгилдин талабы.
Мындан тышкары, экологиялык коопсуздук жана таза жашоо чөйрөсүн түзүү багытында таштандыны кайра иштетүү, суунун жана жер ресурстарынын туура пайдаланылышын көзөмөлдөө иштери да өзгөчө мааниге ээ. Ар бир жарандын саламаттыгын сактоо үчүн таза аба, таза суу жана коопсуз экология — негизги баалуулук болуп саналат.
Бул программаны ишке ашыруу аркылуу балдар менен аялдардын укуктары иш жүзүндө корголот, коррупциянын деңгээли төмөндөйт, экологиялык жана социалдык коопсуздук бекемделет деп эсептеймин. Натыйжада жарандардын мамлекетке болгон ишенимин жогорулатып, адилеттүү, ачык-айкын жана жоопкер башкарууга жол ачылат.