КР ЖК депутаттыгына талапкердин программасы:

  1. Энергиянын альтернативдүү булактарын өнүктүрүү -керектөөчүлөрдүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн күн жана шамал электр станцияларын орнотуу боюнча долбоорлорду киргизүү жана алдыга жылдыруу.
  2. Региондун айыл чарбасын жана агроөнөр жайын өнүктүрүү - Манас, Көк-Жаңгак шаарларында жана Сузак районунун Барпы, Багыш айыл аймактарында айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү.
  3. Жалгыз бой энелерди жана социалдык жактан аярлуу аялдарды колдоо - жалгыз бой энелер үчүн жумуш менен камсыздоонун аймактык программаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, анын ичинде ийкемдүү график жана аралыктан иштөөнүн мүмкүнчүлүгүн жаратуу
  4. Сырткы миграцияны азайтуу программасы - жаңы жумуш орундарын түзүү, жаштарга гранттар жана стартап түрүндөгү кепилдиктерди киргизүү аркылуу жаштарды айылдардан жана шаарлардан кетүүнүн алдын алуу үчүн мамлекеттик миграция программасын ишке киргизүү;