ТИЛЛЕБАЕВ ТЕМИРБЕК КЫРГЫЗБАЕВИЧ

Тиллебаев Темирбек Кыргызбаевич 1966-жылы туулган.1981–1985-жылдары Ош совхоз техникумунда, 1988–1993-жылдары Бишкектеги Скрябин атындагы айыл-чарба институтун аяктаган. Эмгек жолун 1984-жылы өндүрүш бригадасынан баштап, 1985-жылы Карл Маркс колхозунда гидротехник болуп иштеген. 1993–1996-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген. 1996–1998-жылдары “Трансэкспо” ишканасынын директору, 1998–2005-жылдары “Дома-Ата” пахта заводунда жетекчилик кызматтарды аркалаган. 2006–2008-жылдары Дүйнөлүк банктын долбоорунда менеджер болуп иштеп, 2008-жылдан бери ошол “Дома-Ата” пахта заводунун директорунун орун басары кызматын аркалап келет.