"Сегиз кадам" шайлоо программасы

 

  1. Мамлекеттин туруктуулугун бекемдөө. Биздин өлкөнүн өнүгүүсүнүн өзөгү – саясий жана экономикалык туруктуулук. Мамлекеттин стабилдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылган саясатты колдоо жана бул багытта керектүү демилгелерди, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу.
  2. Элибиздин салматтыгы - мамлекеттин байлыгы.

Бүгүнкү күндө аймактагы адискөй медицина кызматкерлеринин жана заманбап жабдуулардын жетишсиздиги боюнча чоң көйгөйлөр бар. Адискөй кадрларды айылдарга тартыш үчүн алардын жашоо шарттарын оңдошубуз керек. Мен дарыгерлерге турак-жай, кошумча айлык акы жана медициналык мекемелерге заманбап жабдуу бөлүнүшүнө багытталган программаларды демилгелейм.

  1. Сапаттуу билим берүү - келечектүү өлкө. Учурда Министрлер Кабинетинин жаңы мектептер жана бала бакчаларды куруу боюнча аракеттери мыкты. Биз эми ошол мектептерде берилип жаткан билим сапатына көңүл бурушубуз керек.
  2. Жаш үй-бүлөлөр үчүн жеткиликтүү турак-жай. Жаш үй-бүлөлөргө өз үйүнө ээ болууга шарт түзүү – менин артыкчылыктуу багытым. Алар үчүн жеткиликтүү турак-жай менен камсыз кылууга багытталган атайын мамлекеттик программалардын шарттарын жеңилдетүү керек.
  3. Улуттар аралык ынтымак жана теңдик. Мамлекетибиздин туруктуулугу – бул улуттар аралык ынтымакка жана биримдикке негизделген. Мен Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын укуктарын коргоо жана маданиятын өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттерди колдойм. Социалдык теңсиздикти жоюп, жакырчылык менен күрөшүүгө багытталган демилгелерге өзгөчө көңүл бурам.
  4. Дыйкандарды толук колдоо. Айыл чарба – биздин аймактын негизи. Мен дыйкандарды үрөөн алгандан баштап, өндүргөн продукциясын сатканга чейинки процесске мамлекет тарабынан колдоо көрсөткөн программаларды өкмөткө сунуштайм. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларга шарт түзүү абдан зарыл.
  5. Мигранттарды ар тараптуу мамлекеттик колдоо. Чет жерде иштеп жүргөн мекендештерибиз Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошууда. Мигранттардын укуктарын коргоо, аларды социалдык жана юридикалык жактан колдоо боюнча маселе дагы эле курч турат. Алардын абалын жакшыртуу үчүн мамлекеттик туруктуу миграция саясатын жүргүзгөн өз алдынча мекеменин иштөөсү учурдун талабы.
  6. Коррупция менен күрөш жана адам укуктарын сактоо. Коррупция мамлекеттин өнүгүүсүнө эң чоң тоскоолдук. Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыздоо үчүн атайын мыйзамдарды иштеп чыгуу керек. Бул аракеттер адам укуктарын коргоого жана коомдогу адилеттүүлүктү орнотууга жол ачат.