Урматтуу шайлоочулар!
Мен Чолпонбай уулу Бекмырза, Жогорку Кеңешке мансап же атак-даңк үчүн аттанган жокмун. Мен, ар бир жашоочунун үнүн парламенттин трибунасында айтуу үчүн баратам. Менин негизги милдетим эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуу менен шайлоочулардын үнүн бийлике жеткирип туруу, өлкөнүн турукту өнүгүшүнө салым кошчу жана жарандардын бакыбат жашоосун камсыз кылчу мыйзамдарды жазуу .
1.Эл – бийликтин булагы
Депутаттардын эл алдында жыл сайын милдеттүү отчеттору.
Туруктуу коомдук кабылдама жана түз байланыш.
Жарандар менен байланышуунун электрондук платформасы.
- Мыйзам жана адилеттүүлүк
Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге акысыз юридикалык жардам.
Судьяларды дайындоодо ачык-айкындык жана коомдук көзөмөл.
Университеттердеги юридикалык клиникаларды колдоо.
- Күчтүү экономика
Кичи жана орто ишкерлик жана дыйкандар үчүн салыктарды төмөндөтүү.
Жаш ишкерлерге салыктык женилдиктер,женилдетилген насыялар.
- Инновациялык долбоорлор,ондүруш жана кайра иштетүү менен алектенген ишкерлерди колдоо үчүн аймактык борборлорун түзүү.
- Айылды өнүктүрүү
Министирдин кабинети «Жашоо айылдан башталат» программасы.
Дыйкандарды окутуу жана айылдык инфраструктураны өнүктүрүү.
Жаштар үчүн борборлор, үй жана транспорт менен камсыздоо праграмалары.
- Билим берүү жана жаштар
Бала бакча билим берүүсүн жана IT көндүмдөрүн колдоо.
«Аймактык мугалим» программасы – мугалимдерге үй жана жеңилдиктер.
Жаш адистер үчүн стажировкалар.
- Табигый ресурстар
Кей байлыктарды пайдаланууда ачык-айкындык.
Келечек муундар фонду – кен байлыктан түшкөн кирешелерди билим берүүгө жана илимге жумшоо.
Экологиялык көзөмөлдү күчөтүү.
- Социалдык коргоо
Женилдиктер жана жардам үчүн аймактык социалдык карталар.
Аялуу топторду жеңилдик менен камсыздандыруу.
Көп балалуу жана муктаж жакыр үй-бүлөлөрдү колдоо.
- Саламаттык сактоо жана медицина
Балдарга, кош бойлууларга жана пенсия алуучуларга женилдетилген дары-дармектер.
Аралыктан дарылоо жана мобилдик бригадалар.
Айылдык дарыгерлерге үй жана кошумчалар менен колдоо.
- Санариптештирүү жана коррупцияга каршы күрөш
Электрондук бюджет жана ачык маалыматтар.
«Цифралык аймак» долбоору – айылдарда заманбап технологиялар.
- Экология
Суу ресурстарын коргоо жана «жашыл энергияны» өнүктүрүү.
«Таза айыл» программасы – таза айылдар жана калдыктарды кайра иштетүү.
Урматтуу шайлочулар!
Чыныгы депутат – элге кызмат кылган, анын ишенимине кол салуучу эмес. Мен ар дайым сиздерди угам, адилеттүү иштейм, ыкчам аракет кылам.
Кыргызстан – биз сиздер менен, биздин эмгек, биздин үй-бүлө, биздин жер.
Сиздин талапкериниз - Чолпонбай уулу Бекмырза.