ЖАЛИЛОВА ГҮЛЬНАЗ ТАЖИБАЕВНА
Мен, Жалилова Гүльназ Тажибаевна, 1978-жылдын 17-февралында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулгам. 1995-жылы №22 Тагаев Камал атындагы орто мектепти аяктап, 2000-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «Токой жана бак чарбачылыгы» адистигин кызыл диплом менен бүтүрдүм. 2007-жылы Австриядагы Жаратылыш ресурстары жана колдонмо илимдер университетинде (BOKU) магистрдик программаны ийгиликтүү аяктап, 2008–2013-жылдары ошол эле университетте докторантурада окуп, табигый илимдердин доктору (Dr. nat. techn.) илимий даражасын алдым.
Мен айылда чоӊоюп, элеттик турмуш менен абдан жакшы таанышмын. Билимге болгон ынтызаарлыгымдын аркасында дүйнөлүк деңгээлдеги окуу жайдан терең билим жана илим алып, эл аралык эксперт катары дүйнөнү кыдырып, айлана-чөйрөнү коргоо, социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу, аялдар маселеси, табигый кырсыктардын алдын алуу жана региондорду өнүктүрүү багыттарында баа жеткис тажрыйба топтодум. Мындан тышкары, билим берүү тармагында дагы иштеп, жогорку окуу жайдын проректору кызматын аркаладым. Бул жылдардагы тажрыйбам мен үчүн бир маанилүү чындыкты көрсөттү: жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу — эң оболу туура кабыл алынган мыйзамдарга жана алардын натыйжалуу иштешине көз каранды. Демек, бүгүн бизге улуттук нарктын негизинде, улуттук рухту ойготкон, табият менен таттуу мамиледе жашаган күчтүү коом түзүү абдан зарыл.
Менин максатым- улуттук баалуулуктарды жана руханий мурастарды сактап, кыргыз идеологиясын коомдук аң-сезимдин өзөгүнө сиңирүү менен, ар бир жарандын, айрыкча аялдардын укугу урматталган, мыйзам үстөмдүгү камсыз болгон, билимдүү жана жоопкерчиликтүү жарандардан турган туруктуу коом куруу.