МАМЫТОВ ТАЛАНТ ТУРДУМАМАТОВИЧ

Мен, Мамытов Талант Турдумаматович, 1976-жылдын 14-мартында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулгам.

1993-жылы Кыргыз улуттук мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине тапшырып, 1998-жылы аталган жогорку окуу жайын «юрист» адистиги боюнча бүтүргөм.

Эмгек жолумду 2000-жылы Баткен облусунун прокуратурасында мыйзамдарды жана прокуратуранын мыйзамдуу укуктуу актыларын аткарууну көзөмөлдөө боюнча бөлүмдө иштөө менен баштагам. 2001-жылы Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын сот актыларынын мыйзамдуулугун көзөмөлдөө бөлүмүнө прокурор болуп дайындалгам. 2002-жылы Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын улук тергөөчүсү болуп дайындалгам. 2004-жылы Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун прокурорунун жардамчысы кызматын аркалагам. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Эл аралык байланыштар жана экстрадиция бөлүмүнүн прокурору болуп дайындалгам. 2006-жылдын март айынан декабрь айына чейин Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокурорунун орун басары кызматын ээлегем. 2006-жылдын декабрынан 2007-жылдын декабрына чейин Жалал-Абад облусунун Сузак райондор аралык прокуратурасынын прокурорунун орун басары болуп иштегем. 2007-жылдын декабрында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун прокурору болуп дайындалгам. 2009-жылдын июнь айынан 2010-жылдын январь айына чейин Жалал-Абад облусунун прокурорунун карамагында болдум.

2010-жылдын 2-декабрынан 2013-жылдын 20-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты болдум. V чакырылыш учурунда 2 жыл Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитеттин төрага орун басары болуп иштедим. Андан соң 1 жыл бою Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары болдум.

2015-жылдын 28-октябрынан 2021-жылдын 29-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болдум. Бул чакырылыштын алкагында, 2020-жылдын 4-ноябрынан 2022-жылдын 5-октябрына чейин Жогорку Кеңештин Төрагасы, ал эми 2020-жылдын 4-ноябрынан 2021-жылдын 28-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу болдум.

2021-жылдын 29-декабрынан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп иштеп келем. 2021-жылдын 29-декабрынан 2022-жылдын 5-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп иштедим.

Үй-бүлөлүүмүн, төрт баланын атасымын.

2022-жылы мага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» ардактуу наамы ыйгарылган.