БЕКЕМ ҮЙ-БҮЛӨ ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК

 

КАРАБЕКОВА АЙГУЛ АСАНОВНАНЫН

2025-2030 жылдарга карата депутаттык иш-чаралар программасы

 

  1. Билим берүү жана жаштарды тарбиялоо

-Балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү: тил курстары, кружоктор, спорттук секциялар, маданий борборлор.

-Жаштар арасында терс көрүнүштөрдүн алдын алуу программалары (арак, баңгизат, экстремизм) тарбиялык жана билим берүү иштери аркылуу.

-Таланттуу окуучуларды жана жаш адистерди гранттар, конкурстар жана стипендиялар аркылуу колдоо.

 

  1. Ишкердикти өнүктүрүү

-Чакан жана орто бизнести колдоо.

-Айыл чарбасын жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү.

-Ишкердик боюнча окутуу программаларын уюштуруу (агробизнес, кол өнөрчүлүк, кийиз буюмдары).

 

  1. Жер саясаты жана айыл чарбасы

-Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу жана өздөштүрүү.

-Жаш фермерлерди жана айыл чарба кооперативдерин мамлекеттик жана эл аралык программалар аркылуу колдоо.

Менин программам билим берүүнү, ишкердикти өнүктүрүүгө жана жер ресурстарын адилеттүү башкарууга багытталган.

Мен Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун эли үчүн келечектүү шарттарды түзүү максатында депутаттыкка барам.