Нышанов Сайдулла Канболтович - 1966-жылы 20-январда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айылында туулган.
Жогорку билим. К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун жана Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1993-жылы жеке ишкер катары баштаган.
2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3-чакырылышынын депутаты болгон. 2006-2007-жылдары Жогорку Кеңештин Бийик тоолуу, алыскы аймактар жана климаты катаал аймактар боюнча комиссиясын жетектеген.
2010-2012-жылдары «Петрол Групп» ЖЧКсынын тышкы менеджери болуп иштеген.
2012-жылдын июнь айында “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бешинчи чакырылышына депутат болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы.
2015-2021 -Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VI созывтын депутаты.
Экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчи,.
Үй-бүлөлүү, төрт баласы бар.