Джураева Чинара Муратованын шайлоо алдындагы программасы:
«Элдин ден соолугу — өлкөнүн байлыгы»
Мен 20 жылдан бери элге кызмат кылып, дарыгерлик кесипке жүрөгүн берген адаммын. Бүгүн мамлекетибизде саламаттык сактоо тармагында көптөгөн жакшы иштер жүрүп жатат. Менин максатым — ошол башталган иш-аракеттерге кесиптик тажрыйбамды пайдаланып, мыйзамдарды жазуу менен салым кошуп, элге медициналык жана социалдык жардамды дагы да жакындатуу.
- Ар бир жарандын саламаттыгы — улуттук баалуулук
- Мамлекет жүргүзүп жаткан учурдагы саламаттык сактоо программаларын колдоо жана аймактарда ишке ашырууга мыйзамдык жактан көмөк көрсөтүү.
- Ар бир жаран, айрыкча айыл жериндеги жашоочуларды жеткиликтүү медициналык жардамга ээ болушуна шарт түзүү боюнча мыйзам долбоорлорун демилгелөө.
- Оорунун алдын алуу маданиятын өнүктүрүү — дарылоо эмес, сактоо негизги максат болушу керек.
- Дарыгерлерге жана элге билим берүү кызматкерлерине камкордук
- Дарыгерлердин жана элге билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын жана социалдык статусунун көтөрүлүшүн колдоо боюнча мыйзамдарды кайра карап чыгуу жана жакшыртуу.
- Жаш адистерди үйрөтүү, ординаторлор үчүн практикалык окуу программаларын түзүүдөгү инновациялык технологияларды киргизүү.
- Заманбап медицина — жаңы мүмкүнчүлүктөр
- Электрондук саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү: телемедицина, онлайн-консультациялар, электрондук карталар.
- Мамлекеттик жана жеке клиникалардын өнөктөштүгүн чыңдоо, эл үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү кызмат көрсөтүү боюнча учур талабына жараша мыйзамдарды иштеп чыгуу .
- Аялдарга, балдарга жана улуу муунга кам көрүү
- Эне жана бала саламаттыгын сактоо программаларын жакшыртуу жана мамлекеттик денгээлде кам көрүү боюнча мыйзамдарын иштеп чыгуу.
- Аялдарга жана үй-бүлөлөргө психологиялык жана социалдык жардам борборлорун ачуу.
- Улуу муундун саламаттыгын колдоо жана социалдык-медициналык кызматтарды өнүктүрүү боюнча мыйзамдарды жакшыртуу жана иштеп чыгуу.
- Аялдар менен бирге жаштардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча мыйзамдарды учур талабына шайкеш келтирүү.
- Таза айлана-чөйрө — таза ден соолук
- Дени сак жашоо образын жана спортту эл арасында жайылтуу боюнча улуттук программасын иштеп чыгуу .
- Оспүрүм курактагы балдардын насвай, тамеки жана зыяндуу адаттардын алдын алуу боюнча билим берүү иш-чараларын күчөтүү алкагында мыйзам иштеп чыгуу.
- Экология, таза суу жана коопсуз азык-түлүк боюнча мыйзамдарды учур талабына жарашы иштеп чыгуу.
- «Күчтүү мамлекет — бул ден соолугу чың эл.
Менин ишенимим. Эгер биз бири-бирибизди колдосок, Кыргыз мамлекети сөзсүз гүлдөп өнүгөт.
Менин максатым. Эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп, карапайым элибиздин кызыкчылыгын мыйзам менен коргоо.
Элдин ден соолугу — менин миссиям, менин жүрөгүм.