Талапкердин шайлоо алдындагы программасы:
Өлкөнүн керегине жараган мыйзамдарды чыгарып, анын аткарылышын көзөмөлдөп,элдин талабын жеткирүүдөн башка, өлкөнүн социалдык-экономикасын өнүгүүсүнө, коопсуздугуна жаркын келечегине жардам бере турган мыйзамдарды, социалдык-экономикалык долбоорлорду сунуштайм,керек болсо аткарам.
Азык түлүк программасы жана азык түлүккө болгон бааларды көзөмөлдөө
1.Азык түлүк коопсуздугу, стратегиялык азык тулүк азыктарын өлкө ичинде 100% өзүбүздө өндүрүү, жалпы элди айыл чарба продукцияларынан сырттан көз карандуулуктан чыгаруу, ашыкча өндүрүлгөн продукцияларды сыртка сатуу менен түшкөн пайдадан башка айыл чарба продукцияларын каржылоо,өндүрүү жана мамлекет казнасын толтуруу, ички сырткы миграциянын агымын азайтуу.
Жалпы эл күндө азыктануучу, элибиз кайсы азыктарсыз жашап кете албайт деген суроону алдыга коюп, ошол маселени чечүүнү максат койдум.
Билебиз союз тарагандан бери айыл чарба тармагы ушул убакка чейин аксап келет,стратегиялык азык-түлүктөрдүн көпчүлүгү сырттан сатып алып келип, көпчүлүк азыктардан көз каранды болуп жашап келебиз. Азыркы учурда дүйнөдө болгон окуяларды көрүп, ар өлкө өзүн өзү азык-түлүк коопсуздугун ойлоп, сыртка сатуулардын саны кыскартып жатышат, баалар өсүп, ошолордун таасири бизгеда тийип элдин күндөн күнгө тамак аш азыктарын сатып алуудагы кыйынчыктарын көрүп келебиз.Өлкө, Мамлекет жок дегенде ушул багытты колго албаса келечек коркунучта.Туура ар бир азыктын өздүк наркын, түшүрүү үчүн өзүнө тийешелүү факторлор бар.Бул маселени чечүү жолдорун алдыда көрөсүңөр.
Былтыркы Талас дубанындагы Киров суу сактагычындагы суунун азайып кеткени буудай, унга болгон баалардын өсүүсүн көрдүк. Дагы ушундай акбалга түшпөш үчүн өз буудай, ун, өсүмдүк майы, туз, эт, кум шекер, майлоочу каражаттар, жер семирткичтерди өзүбүз өдүрушүбүз зарыл. бул багытта менде кенен программа бар.
Курулуш өндурүшү
Акыркы убакта курулуш материалдырдын өсүүсүн көрүп жатабыз,көпчүлүк курулуш шаймандары сырттан алынып келгендиги үчүн курулуш багытында ар тараптуу кыйынчылыктарга дуушар болуудабыз.Бул маселе СССР кулагандан кийин бир жакшы жолго түшө албай жатканын жашап көрүп келе жатабыз, акыркы бийлик келгенден баштап жылыштар бар, бирок дагы эле кемчиликтер аз эмес, ушул багытта мамлекттин курулуш өндүрүш программасына дагыда жардамдашып, сырттан көз карандысыздыкка жетүүгө аракет жасайм.
Айыл чарба,таза суу маселеси.
Кириш сөз
Биз билебиз айыл чарбасыз азык түлүк коопсуздугу суусуз мункүн эмес, Өлкөбүздүн айыл чарба таза суу менен камсыз кылуу биринчи орунда. Бүл өлкө боюнча маселени чечүү максатнда биринчи мисал катары бир дубаныдын көпчүлүк жерин айыл чарба жана таза суу көйгөйүн чечүү максатында алалы.
1.Жалал-Абад дубанын аралап өткөн Нарын суу ары коңшу Өзбекистан жакка 80%й агып өтөт.Ушул суунунун нугун Таш-Көмүр жеринен баштап насостук станцияларды орнотуп, ары сузак районуна чейин жеткирсе болот, Райондорду 50-100%га чейин айыл чарба, таза суу менен камсыз кылса болот Шамалдуу-Сай, Кызыл-Туу, Майлуу-Суу,Бүргөнду, Ношкент, Маданият, Кыпчак талаа, Кут-Дөөлөт, Бостон, Кызыл-Жылдыз, Кочкор-Ата, Ноокен, Арал, Массы, Базар-Коргон, Кеңеш, Акман, Сузак раойндоруна чейин.
Ден соолугу чың адам – өнүккөн өлкө.
- 2. Ден соолугу чың адам – өнүккөн өлкө атту президенттин программасын колдоо: Дары- дармек коопсуздугу, тамак-аш коопсуздугу, кошулмасы жок таза үрөндөр, табигый минералдык жер семирткичтерди чыгаруу менен айыл чарба жерлерине колдонуу.Өлкө ичинде 100% камсыздоого багытталган ата -мекендик дары дармек чыгаруучу өндүрүштөрду куруу, жеткирүү. Дени сак коом аттуу билим берүү системасы киргизүү, генетиканы сактоого багытталган иш чараларын жүргузүү.
Ички өндүрүшту колдоо.
3.Ички өндүрүшту колдоо, жумуш орундарын жаратуу, жашоого керектөөчү сырттан сатып алуудагы материалдык каражаттарды өз өлкөбүздө чыгаруу саясатын колдоо ишке ашыруу.
Социалдык кызматкерлерди колдоо.
4.Социалдык кызматкерлерди колдоо, коомдук үйлөрдү куруу, жаш кадрларды жана жаш үйбүлөлөрду колдоо.
Тазалык биздин колубузда аттуу долбоор жана санитардык полигондорду куруу.
1.Санитардык полигон деген эмне-Тоо болуп чирип, күйүп жаткан көп жылдык таштанды полигондорду түб орду менен жок кылуу,аларды минералдык жер азыктарына айландыруу жана арыктап калган айыл чарба жерлерине колдонуу,жерлерди семиртүү менен зыяндуу кошулмасы жок айыл чарба продкуцияларын алуу.
Бул үчүн көп жылдык чирип калган таштандыларды атайы басейиндерди жасап, кошумча минералдык туздары кошуп жер семирткичтерге айландыруу.Ушундай санитардык полигондорду ар бир районго ачып өлкө ичинде үйүлүп калган,чириндилерди жок кылуу.
Таштандыдан терилген пластик,темир ж.б материалдарды кайра иштетүү,мисалы пластик аралаш брусчатка, отургучтар, курулуш шаймандары ж.б
Билим берүү
Билим берүү-социалдык экономиканы көтөрүүгө багытталган, дүйнөлөшүүдө коомдун моралдык жактан коопсуз, өнүгүп өсүүсүнө багытталган билим берүү системасын киргизүү, Үй-бүлөө баалулуктарын сактап калууну билим берүү системасына киргизүү.
Өлкөнун ресурстук экономиканын өсүүсүнө багытталган ар тараптуу адистерди даярдоо.
Өлкөнүн сырткы карызын кутулууда, өкмөтүбүзгө атайы программдын негизинде жардам берүү.