№ 13-көп мандаттуу шайлоо округунан
талапкер Б.У. Сыдыковдун шайлоо алдындагы
Программасы:
Шайлоо программам калктын жашоосунун ыңгайлуу болуусуна шарттарды түзүү, анын ичинде айыл тургундарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу, алардын кызыкчылыктарын коргоо максатында түзүлдү.
Бул үчүн, жарандарыбызга татыктуу жашоо шарттарын жаратуу, социалдык кепилдиктерди берүү жана социалдык колдоо чаралары талап кылынат. Алар:
- Калктын турмушунун сапатын жакшыртуу боюнча чечимдерди кабыл алуу;
- Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн маанилүү болуп саналган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу.
- Калкка көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу;
- Кош бойлуу энелерге медициналык жардам көрсөтүүнү өнүктүрүү;
- Калктын иш менен камсыз болушун жогорулатуу;
- Ички жана тышкы миграцияны аштарды татыктуу эмгек акы берүү менен жумуш орундары менен камсыз кылуу менен азайтуу;
- Турак-жай маселесин чечүү аркылуу жаш үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү;
- Медициналык мекемелерде жана орто мектептерде кадр таңкыстыгын жоюу максатында адистерди социалдык жактан колдоо программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Тиешелүү шарттарды түзүү менен аймактарда кичи жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча жергиликтүү долбоорлорду ишке ашырууга чет элдик жана ата мекендик инвесторлорду тартуу;
- Аймактардын жашоочулары сапаттуу медициналык жардамды тез жана натыйжалуу алуусу, оорулардын алдын алуу, калкты сапаттуу таза суу, сугат суу менен камсыз кылуу маселелерин чечүү. Жолдорду оңдоого багытталган каржылоону көбөйтүүгө көмөктөшүү.
Ушул максаттарга жетүү үчүн негизги багыттар:
- аймактарда дени сак, билимдүү жана маданий өнүккөн калкты калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү;
- калктын маданий турмушун өнүктүрүү, маданий, спорттук, жаштардын иш-чараларына катышуу;
- калкты социалдык жактан коргоо;
- үй-бүлө, балалык жана энелик институттарын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн тоскоолдуксуз чөйрөнүн натыйжалуу иштеши менен, мүмкүн болгон жагымдуу шарттарды түзүү;
- оор турмуштук кырдаалга туш болгон адамдарга жардам көрсөтүү;
- согуштун жана эмгектин ардагерлерине, пенсионерлерге колдоо көрсөтүү;
- айылдык билим берүүнү өнүктүрүү;
- инвестицияларды тартуу;
- таза суу чыгаруу;
- көчөлөрдү жарыктандыруу маселелерин чечүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну, жарандардын демилгелерин өнүктүрүүнү колдоо жана аларды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартуу ж.б.