ПРОГРАММА
- Аймактарда жумуш орундарын түзүү: Ишкерликке шарт түзүү (микро-кредиттер, салык жеңилдиктери); Аймактык өнүгүү долбоорлору аркылуу жаңы жумуш орундарын ачуу;
- Бизнес жана жеке ишкердикти колдоо жана алардын өз ишин кеңейтүүсүнө болгон далаалаттарына түрткү берүү менен жаңы жумуш орундарын түзүү;
- Ар бир аймакта жеке ишкерлердин бакчаларды ачуусуна көмөктөшүү;
- Жаштарды колдоо: Жаштар үчүн стартап программаларын жана кесиптик окутуу борборлорун кайра жандандыруу;
- Жарандардын үнүн угуу: Коомдук угуу жол-жоболорун системага киргизүү; Эл менен түз диалог жүргүзүү үчүн онлайн платформаларды түзүү;
- Эмгек мигранттарын колдоо: Чет жакта иштеп жүргөндөр үчүн укуктук жардам;
- Башка мамлекеттин жарандары Кыргыз Республикасынын жаранына турмушка чыккан энелерге жана алардын балдарына өздүгүн тастыктаган документтерин алууга жеңилдетилген шарттарды иштеп чыгуу;
- Жөлөкпулдардын өлчөмүн жашоо минимумуна ылайыктоо;
Ураан: "Ар бир жаран – мамлекет үчүн маанилүү! Ар бир үй-бүлө – өлкөнүн пайдубалы!"