БЕРДИМУРАТОВА ГҮЛЖАН КАЛПАКБАЕВНА
Мен, Бердимуратова Гүлжан Калпакбаевна 1970-жылы Токтогул районуна караштуу Жетиген айылында интеллигенттердин үй-бүлөсүндө жарыкка келгенмин. 1977-1987-жж. Жетиген айылындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктап, 1987-1992-жж Фрунзе шаарындагы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун математика жана информатика факультетин ийгиликтүү аяктагам. Үй-бүлөлүү, 2 кыздын апасы.1992-2025-жылдар аралыгында билим берүү тармагында эмгектенип келем. 2010-2025-жылдары Кыргызстан аялдардын демократиялык тармагында мүчө, көптөгөн жалгыз бой аялдарга, турмуштан запкы көргөн аялдарга жетим, тоголок жетим балдарга жардам колун сунуп келем.