• Ушул жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болот, ага мен №14 шайлоо округу боюнча талапкер катары катышам.

    Менин шайлоо алдындагы программам Кыргыз Республикасын ар тараптуу стратегиялык өнүктүрүүнүн конкреттүү багыттарын жана маанилүү принциптерин камтыган комплекстүү план болуп саналат.

    Менин шайлоо алдындагы программамдын негизги багыттарынын бири биздин элдин руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктары, социалдык саясаттын, экономиканын потенциалын жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик институттарды чыңдоо жана эл аралык мамилелерди арттыруу болуп саналат. Шайлоо алдындагы программамдын маанилүү аспектиси болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүмдөрүндөгү паракорчулук тобокелдиктерди азайтуу маселеси эсептелет.

    Белгилей кетсек, Программа бүгүнкү күндүн шартында элдин актуалдуу көйгөйлөрүн кеңири талкуулоонун негизинде түзүлгөн, ал Сиздер, шайлоочуларым менен жолугушуулардын жүрүшүндө дайыма толукталып турат. Мен үчүн жарандык сектордун актуалдуу көйгөйлөрүн жана каалоолорун угуу абдан маанилүү.

    Менин программамдын негизги максаты - биздин региондогу элдин жашоо-турмушунун сапатынын жана байгерчилигинин өсүшүн күнүмдүк турмушта жана ишмердикте аларды түйшөлткөн маселелерди чечүүнүн конкреттүү жолдорун иштеп чыгуу жана сунуштоо аркылуу камсыз кылуу. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын жарандары өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык чечимдерин кабыл алууга, ошондой эле белгиленген максаттар кагазда калбай, практика жүзүндө ишке ашырылышы үчүн практикалык кадамдарды иштеп чыгуунун түздөн-түз катышуучулары болууга тийиш.

    Биздин эл - өлкөбүздүн башкы байлыгы жана Мен биздин регионду өнүктүрүүгө, анын көрктөндүрүүгө жана гүлдөп-өнүгүшүнө багытталган бир катар чараларды караштыруу зарыл деп эсептейм.

    Ушуга байланыштуу, өзүмдүн шайлоо алдындагы программамдын алкагында төмөнкү маселелерди чечүү маанилүү деп эсептейм:

    • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин финансылык ресурстарын натыйжалуу бөлүштүрүүнүн жана өздөштүрүүнүн, ошондой эле иштиктүү ченемдик жана укуктук актыларды кабыл алуунун негизинде регионду социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашырууну.
    • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин биздин региондун муктаждыктарын жана керектөөлөрүн эске алуу менен бөлүштүрүү боюнча сунуштарды киргизүүнү.
    • Жумушсуздук деңгээлин төмөндөтүү, жалпы жумуш менен камсыз кылуу жана татыктуу эмгек акы алуу, ошондой эле чакан жана орто бизнестин кызыкчылыктарын колдоону.
    • Пенсионерлердин жана калктын социалдык жактан корголбогон башка катмарларынын бакубаттуулугун жогорулатууну.
    • Экономиканын реалдуу секторунун кызыкчылыгында, жашоочуларыбыздын кирешесинин өсүшүнө көмөк көрсөтүү максатында мамлекеттик колдоону күчөтүүнү.
    • Айыл чарба жана мал чарбачылыктын көйгөйлүү секторлоруна мамлекеттик колдоону күчөтүүнү.
    • Социалдык турак жай менен камсыз кылууну кеңейтүүгө, анын ичинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, социалдык чөйрөнүн кызматкерлерине-мугалимдерге, дарыгерлерге, маданият, почта кызматкерлерине, ошондой эле калктын социалдык жактан аярлуу катмарына көмөк көрсөтүүнү.
    • Социалдык жардам көрсөтүүгө даректүү жана дифференцияланган мамиле кылууну.
    • Жаштарды ар тараптуу колдоо - ишмердиктин милдеттүү аткарылуучу артыкчылыктарынын бири катары, 2020-2030-жылдарга Жаштар саясаты Концепциясынын алкагында жаштардын демилгелерин колдоо жана жаштардын айрым категорияларын социалдык адаптациялоо, ошондой эле жөндөмдүү, шыктуу, зээндүү жана таланттуу жаштарды өнүктүрүү чөйрөсүндө донордук, демөөрчүлүк жана меценаттык жардамдарды тартуунун эсебинен альтернативдик инвестициялардын өзүнчө моделин, механизмдерин жана программаларын даярдоо жана киргизүү боюнча калтырылгыс чаралардын комплексин демилгелөө пландалууда.

    Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын аскердик жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу маселелеринде түздөн-түз практикалык тажрыйбага ээ болгондугума байланыштуу, азыркы чакырыктарды жана коркунучтарды эске алуу менен коргоону, коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу чөйрөсүндө алардын потенциалын жогорулатуунун алкагында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын күч-аракеттерин координациялоо, менин шайлоо алдындагы программамдын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

    Бул чөйрөдө Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларын, укук коргоо жана атайын түзүмдөрдүн кызматкерлерин, ошондой эле бүгүнкү күндө эл өкүлдөрү тарабынан алардын кызыкчылыктарын квалификациялуу колдоого муктаж болгон алардын пенсионерлерин тийиштүү жана ченемдүү социалдык камсыздоо маселелери маанилүү аспект болуп калат.

    Урматтуу шайлоочулар!

    Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин Өлкөнүн элин колдоого багытталган динамикалуу өнүгүп жаткан мамлекеттик саясатынын шарттарында өзүнүн эл шайлануучусу катары өз ишин өзүнүн программасынын көрсөтүлгөн аспектилери боюнча улуттук мыйзамдарды иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө топтоонун, ошондой эле алардын кыргыз элинин кызыкчылыгында аткарылышын андан ары көзөмөлдөөнүн зарылдыгын белгилөө максатка ылайыктуу деп эсептейм.

    Ушуга байланыштуу, ошондой эле өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган чаралардын комплексин иш жүзүндө ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын жарандык коомунун түздөн-түз катышуусунун зарылдыгын көңүлгө алып, жарандык коомдун учурдагы көйгөйлөрүн тыкыр иликтөөнүн жана аларды чечүү боюнча конкреттүү сунуштар менен мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына өз убагында жеткирүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын эли менен Өкмөтүнүн ортосундагы көпүрө катары чыгууга даяр экендигимди билдирем.

    Баяндалгандарды эске алуу менен, менин саясий иш-аракеттеримдин башталгычында элдик шайлануучу катары кыргыз элимди түшүнүүгө жана колдоого, өлкөбүздүн өнүгүү жана гүлдөп-өсүү маселелерине кайдыгер карабоого ишеним билдиргим келет.

    Ошондуктан, мен биздин шайлоочуларга депутаттыкка талапкерлер үчүн сунушталган программаларды эске алуу менен, акыйкат негизде добуш берүү жана ар кандай жалаа жабуу жана өз добуштарын сатуудан алыс болуу өтүнүчү менен кайрылгым келет.