«Жаратуу жана Өнүгүү. Адамга кам көрүү»

Мен Жогорку Кеңешке талапкерлигимди коюп, жарандардын кызыкчылыктарын өкүлчүлүк кылуу жана натыйжалуу, турмушка ашырылуучу мыйзамдардын кабыл алынышын камсыз кылуу максатын көздөйм. Менин башкы максатым — инсанды, эмгекти жана үй-бүлөнү урматтаган күчтүү мамлекетти куруу. Өлкөнүн жогорку жетекчилигинин жаратуу, өнүгүү жана мамлекеттүүлүктү чыңдоого багытталган курсуна колдоо көрсөтүү менен, жоопкерчиликтүү жана натыйжалуу мыйзам чыгаруу бийлигин калыптандырууга өз салымымды кошууга даярмын.

Мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү

  • Аялдар менен жаштар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдарды демилгелөө жана колдоо;
  • Үй-бүлөлөрдүн, калктын аярлуу катмарларынын жана пенсионерлердин муктаждыктарын эске алуу менен, ар бир жаран үчүн татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылган социалдык коргоо, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарындагы мыйзамдарды өркүндөтүү кылуу.

Көзөмөл функциясы

  • Өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышына туруктуу парламенттик көзөмөл жүргүзүү;
  • Шайлоочулар алдында жыл сайын аткарылган иштер боюнча ачык отчет берүү жана аткаруу бийлиги менен тыгыз өз ара кызматташтыкты камсыз кылуу.

Аялдар жана жаштар ишкердигин колдоо

  • Аял ишкерлерди жана жаштарды, өзгөчө аймактарда, колдоо максатында жеңилдетилген насыялоо жана окутуу программаларын түзүү, бизнес-инкубаторлорду өнүктүрүү демилгелерин колдоо, жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өркүндөтүү.

Үй-бүлөлүк баалуулуктарды урматтоо жана сактоо

  • Аялга, үй-бүлөгө жана балага болгон урмат мамилени калыптандырууга багытталган билим берүү жана тарбиялык программаларды ишке киргизүү боюнча мыйзамдык демилгелерди колдоо.

Мен ишенем, келечек — билимдүү, жигердүү жана укуктары корголгон жарандарда, күчтүү аялдарда жана максатка умтулган жаштарда. Өз тажрыйбамды, билимимди жана энергиямды коомго кызмат кылууга жана өлкөнү өнүктүрүүгө жумшоого даярмын.

Ар бир аял өзүнө ишенимдүү болсун, ар бир жаш адам келечекке ишенсин, ар бир үй-бүлө мамлекеттин коргоосун жана урмат-сыйын сезсин. Биз биргеликте мүмкүнчүлүктөргө жана бакубат жашоого толгон Кыргызстанды курабыз!