Бул программа Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген жарандардын: билим алууга, саламаттыкты сактоого, социалдык коргоо укуктарына таянат. Максатым – адилеттүү, ачык жана туруктуу өнүгүүгө негизделген Кыргызстанды куруу.

  1. Билим берүү – келечектин негизги багыты: Жеткиликтүүлүк; Сапаттуулук; Инновация; Жогорку билим берүү; Санариптештирүү.
  2. 2. Саламаттык сактоо – улуттун байлыгы: Биринчи жардам; Инфраструктура; Дары-дармек менен камсыз кылуу; Профилактика; Инновация.
  3. Социалдык коргоо: Муктаж катмарга даректүү жөлөк пул; Жаш адистер үчүн социалдык турак жай; Көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо; Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн инклюзивдүү программалар.
  4. Экономика жана иш менен камсыз кылуу: Аймактардагы чакан жана орто бизнести колдоо; Жаштарга жана аялдарга гранттар, микрокредиттер; Жашыл экономика: кайра жаралуучу энергия, таштандыны кайра иштетүү; Инновациялык тармактарга инвестицияларды мыйзам аркылуу стимулдаштыруу.
  5. Экология жана туруктуу өнүгүү: Сууну жана токойду коргоо, мыйзамсыз кыйууга каршы күрөш; Күн жана гидроэнергетикалык долбоорлорду өнүктүрүү; Таштандыны сорттоо жана кайра иштетүү; «Жашыл шаарлар» мыйзамы – парк, коомдук аймактарды көбөйтүү.
  6. Жаштар, спорт жана маданият: Жаштар үчүн өнүгүү жана инновация борборлору; Арзан спорт комплекстерин куруу; Жаш таланттарды колдоо программалары; Кыргыз тилин өнүктүрүү, салт-санааны сактоо.
  7. Мамлекеттик башкаруу жана инновациялар: Ачык парламент: депутаттардын добуш берүү жыйынтыктарын онлайн жарыялоо; Электрондук мамлекеттик кызматтар; Коррупцияга каршы күрөш – ачык реестрлер жана онлайн-бюджет; Мамлекеттик органдарда коомдук кеңештердин ролун күчөтүү.
  8. Элдик Курултай Кыргыз Республикасынын: Курултайдын ролун бекемдөө; Региондордон келген делегаттар менен жыйындар; Курултай сунуштарын мыйзам чыгарууда эске алуу; Депутаттардын эл алдындагы жоопкерчилигин күчөтүү.
  9. Ишке ашыруу механизмдери: Мыйзам долбоорлорун даярдоо; Эл аралык уюмдар менен кызматташуу; Мамлекеттик-өзөктүк өнөктөштүк; Бюджетти коомдук көзөмөлдөө.

Бул программа – адилеттикке, теңдикке, инновацияга жана туруктуулукка негизделген социалдык өнүгүү стратегиясы, эл үчүн, балдарыбыздын келечеги үчүн.