ЭРБАЕВ АЛИШЕР ТАШБАЕВИЧ
Мен, Эрбаев Алишер Ташбаевич, 1973-жылдын 23-ноябрында Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Кош-Терек айылында туулгам, улутум кыргыз, билимим жогорку, үй-бүлѳлүмүн, 3 – баланын атасымын. Жогорку окуу жайды Россия Федерациясынын Кургактагы Аскерлердин Абадан Коргонуу Аскер Академиясын артыкчылык менен бүтүргөм.
Өзүмдун эмгек жолумду 1997-жылы Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Кызматында иштөөдөн баштап 2021-жылга чейин мамлекет үчүн талыкпай күжүрмөн кызмат өтөп, эмгектенгем.
1997-жылдан тартып 2021-жылга чейин улуттук коопсуздук органдарында ар кандай оперативдик жана жетекчилик кызматтарында кызмат өтөгөм. Андан сырткары, белгилей кетким келет, Улуттук Коопсуздук Кызматында кызмат өтөө учурунда 1999-жылы Баткен облусундагы болгон коогалаңында катышкам.
Ошондой эле, 2010-жылдын башынан баштап апрель айына чейин Кыргыз Республикасынын Каржы Полициясында кызмат өтөгөм. 2010-жылдын апрель айынан баштап 2013-жылдын май айына чейин улуттук коопсуздук органдарында ар кандай оперативдик жана жетекчилик кызматтарында кызмат өтөгөм. 2013-2014-жылдары ЖЧК “КДА”Темир-Жол-Күзөт” ишканасында башкы мүдүрү болуп, ал эми 2014-2016-жылдары ААК “УЭТК” ишканасында Департаменттин директору болуп өз ишмердүүлүгүмдү алып баргам. 2016-жылдан 2019-жылга чейин Мамлекеттик Бажы Кызматында Ички Коопсуздук жана Коррупцияга Каршы Аракеттенүү Башкармалыгынын жетекчиси болуп кызмат өтөгөм. Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн полковник наамына ээ болгом жана Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Кызматынын запастагы офицеримин. Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чени мага ыйгарылган.
2021-жылдын декабрь айынан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан шайланып, үзүрлүү эмгектенип келем.