Депутаттын ар-намысы - калктын кызыкчылыгын коргоо!

 

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин негизги милдети-жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону, жашоо деңгээлин жогорулатууну жана алардын аткарылышын камсыз кыла турган мыйзамдарды кабыл алуу.

    Депутаттын негизги милдети - калктын, өзүнүн шайлоочуларынын кызыкчылыгын коргоо, окуругдун тургундары менен аткаруу, мыйзам чыгаруу бийлигинин, мамлекеттик органдардын ортосундагы байланышты камсыз кылуу деп эсептейм.

 

     Мен өзүмдүн программамда биринчи кезекте округубуздагы эн оорчундуу көйгөйлүү маселелерден болгон - элибиздин турак жайга болгон тартыштыгын жойуу максатында өздөштүрүлө элек ­жерлерге мамлекеттик ипотекалык компаниясы менен суйлөшүүлөрдун негизинде көп кабаттуу ­турак жайларды курууга көмөк көрсөтүү. Ошондой эле айыл чарба, таза суу, канализация, жол маселеси, билим берүү, туризм жана спорт тармагында болгон койгөйлөрдү аткаруу бийлигине жеткируу жана алардын чечүлүүсүнө бар күчүмдү жумшоо.  

     Кымбаттту жердештер өзунуздөргө белгилуу болгондой азыр өлкөбуздун бюджети болуп көрбөгөндөй тездикте өсүп бара жатат, ошондуктан ар бир айылыбыздагы  эн оорчундуу көйгөйлүү маселелерди жогорку бийлик өкүлдөрүнө жеткирүүгө убада беремин, жана алардын аткарылышын көзөмөлдөөнү өз мойунума аламын.

 

     Менин негизги максаттарымдын бири - элибиздин Жогорку Кенешинин депутатына болгон ишеничин кайтаруу - жогорудагы айтылган маселелерди чечүү жолу менен болуп эсептелинет.

 

     Келечек жаштардын колунда демекчи урматтуу жердештер, элиме жериме кызмат кыламын, иштеймин деген жаштарды колдоп берүүнүздөрдү суранып кетмекчимин. 30-ноябрь күнү боло турган шайлоого активдүү катышып, мен уулунуз Нариманов Тургунбек Наримановичти колдоп берүүнүздөрдү суранам.