МЫРЗАЕВ МИРЛАН ЖУМАДИЛОВИЧ
Мен, Мырзаев Мирлан Жумадилович, 1985-жылдын 14-февралында Фрунзе шаарында, Кыргыз Республикасынын жумушчулардын үй-бүлөсүндө туулганмын.
1991-жылы мен Терек-Сай айылы, Кызыл-Токой айылында жайгашкан «Агартуу» орто мектебинин биринчи классына тапшырганмын. Мектепти 2002-жылы аяктадым.
2007–2012-жылдары Жалал-Абад укук, бизнес жана компьютер технологиялары институтунда «Юриспруденция» адистиги боюнча билим алдым.
2010–2011-жылдары Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөдүм.
2011–2013-жылдары Чаткал району, Терек-Сай айылы, Кызыл-Токой айылында айыл башчысы болуп иштедим.
2013–2024-жылдары «Чаткал Демилге» ЖЧКнын генеральдык директору болдум.
2024–2025-жылдары Терек-Сай айылынын жергиликтүү кенешинин депутаты болуп шайландым.
Үйлөнгөнмүн, төрт баланын атасымын.
Жубайым: Акпарали кызы Калчайым, 1991-жылдын 14-июнунда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда туулган.
Учурда Чаткал районунда, Жалал-Абад облусунда жашайм.