КУЛБАЕВА ЗУЛАЙКА ЭШМАТОВНА
Мен Кулбаева Зулайка Эшматовна 1970-жылы 12-мартта Ош областына караштуу Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында жөнөкөй жумушчунун үйүндө төрөлүп. Ала-Бука орто мектебинен (азыркы Т.Балтагулов) билим алдым. Балалык таттуу кыял менен мугалимдик кесипке шыктанып чонойдум. Кыялдарым орундалып, биринчи "Балдар бакчасынын тарбиячысы", андан кийин "тарых" мугалими адистигине ээ болдум. Эмгек жолумду "Кунчубак" балдар бакчасында тарбиячы болуудан баштап. Андан кийин-мектепте тарых мугалими, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, - мектеп директору, - айыл өкмөтүндө жооптуу катчы, - кесиптик -техникалык окуу жайынын директору-райондук билим берүү бөлүмүндө усулчу (методист) кызматтарын аркаладым. Учурда; - көп жылдык тажрыйбама таянып тарбиялоого оор болгон балдарды багуучу фостердик (foster family) үй-бүлөө катары карамагыма алып тарбиялап келем. - райондогу биринчи “АЙТИ санарип”окуу борборун ачып жаштарга заман талабына ыйлайык АЙТИ жаатында билим алуусуна да салым кошуп келем. Ала-Бука айылдык Кеңешинин депутатымын.