АБДИБАЕВА САЛТАНАТ НЫШАНОВНА

22.04.1961-жылы Аксы районунун Кош-Дөбө айылында туулганмын. 1977-жылы Кош-Дөбө орто мектебинин, 1992-жылы КМУнунТарых факультетин, 1992-жылы Юридика факультетин бүткөнмүн. 1982-1991 жылдарда тарых мугалим, 1991-1995жылдарда Калкты ишке жайгаштыруу борборунун юристи, 1995-2005 жылдарда юридикалык консультантын башчысы, адвокат болуп иштеген. 2008-2011 жылдары Каракөл шаардык сотунун судьясы болуп иштеген. 2011-2016 жылдары Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда юрист консультант, 2016-жылдан бери Коомдук фонддун жетекчиси болуп иштеп келе жатат.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун, Юстиция министирлигинен жана жергиликтүү бийликтердин Ардак грамоталары менен сыйланганмын. 2017-жылы  “Эркин-Тоо” газетасынын 2017-жылдын мыкты юристи деген мыкты диплом менен сыйланганмын. 2018-жылы “Кыргыз-Туусу” газетасынын коомдо аялзатынын ролун арттырууга жана өлкөнүн өнүгүүшүнө кошкон салымы үчүн “Кыргыздын кыраан кызы” номинациясы менен сыйланганмын. 2022-жылдын жыйынтыгы менен ак ниет, үзурлүү жана жигердүү эмгеги үчүн “Жылдын мыкты юритси” номинациясы менен сыйланганмын. Азыркы убакта Үй-бүлөлүү 6-баланын, 18-неберенин энеси.