ПРОГРАММАНЫН МАКСАТЫ.
Кыргызстандын айыл чарбасын заманбап ыкмага өткөрүү, фермерлерге реалдуу колдоо берүү жана айыл жергесинде жашоо шартын жакшыртуу. Негизги максат: айыл чарбасын мамлекеттин экономикалык кыймылдаткыч күчүнө айлантуу.
НЕГИЗГИ БАГЫТТАР.
- Дыйканчылыкты өнүктүрү
- Ар бир районго заманбап айыл чарба кооперативдерин түзүү (мисалы, “БАКЧА” кооперативи сыяктуу).
- Фермерлер үчүн техникалык жана үрөн фондун түзүү (мамлекеттик грант жана лизинг программалары).
- Малина, кулпунай,гилас,алма, картошка, жүгөрү, бал,эт,сүт сыяктуу экспортко жарактуу түшүмдөргө приоритет берүү.
- Ар бир айылда тондуруу, сактоо жана кайра иштетүү борборлорун куруу. Экспорт жана ишкердикти колдоо - Кыргызстандын продукциясын дүйнөлүк рынокко чыгаруу үчүн логистика борборлорун куруу.
- Мал чарбачылыкты колдоо
- Суу жана инфраструктура.
- Жаштар жана айылдагы иш орундар.
- Экспорт жана инновация.
Программанын улуттук көздөгөн максаты: «Айыл көтөрүлсө — Эл көтөрүлөт!» Эл менен кеңешип, дыйканды, фермерди, малчыны, жаш ишкерди колдогон мамлекеттик саясат түзүү.