🕊 “ ЖАНЫ КЫРГЫЗСТАНГА- АДИЛЕТТУУ МЫЙЗАМДАР ЖАНА ЖАШТАРДЫН КУЧУ МЕНЕН ! Жаны Кыргызстан - бул ар бирибиздин жоопкерчилигибиз. Адилеттуу мыйзам , кучтуу жаштар , бирдиктуу эл гана олкону озгорто алат. Ар бир жаш кыргыз жараны оз олкосун онуктурууго катыша турган шарт тузулушу зарыл. Сапаттуу билим таза саясат, иновация жана ишкердик мумкунчулуктор менен.
МЕНИН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУДАГЫ БАШКЫ БАГЫТТАРЫМ;
- Аймактарды өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдарды күчөтүү.
- Айыл өкмөттөрүнүн жана жергиликтүү кеңештердин каржылык көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштоо;
- Кен иштетүүдөн жана өндүрүш ишканаларынан түшкөн салыктардын бир бөлүгүн жергиликтүү инфраструктурага жана социалдык долбоорлорго багыттоону сунуштоо.
- Элдин социалдык корголушун күчөтүү.
- Айылдык мугалимдерге, дарыгерлерге жана социалдык кызматкерлерге кошумча төлөмдөрдү толоо боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу;
- Айылдык медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- Жаштар жана аялдар маселесин колдоо.
- Уй булолук, жашы жете элек оспурумдорго зордук-зомбулукту алдын алуу:
- Аялдардын жана жаштардын укуктарын бекемдөө.
- Экология жана табиятты пайдалануу
- “Экологиялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамга” өзгөртүү киргизип, кен иштетүүчү ишканалардын экологиялык төлөмдөрүн козомолдоо ,аймактык экологиялык фонддорду түзүү;;
- Таза суу, токой жана жер ресурстарын сактоо.
- Айыл чарба тармагындагы койгойлорду чечуу
Чаткал районунун жайыт пайдалануучуларынын ондогон жылдар бою чечилбей келе жаткан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2020-жылы №644 УДП Токтому кабыл алынган , анда Чаткал районунун жайытын Талас облусунун жайыт пайдалануучуларына убактылуу пайдалануу жана башкарууга беруу тууралуу токтомду кайрадан карап чыгуу.
Жыйынтык: Кыргыз мамлекетин чыңдоо, элдин жашоо сапатын жогорулатуу жана аймактардын өнүгүүсүн мыйзам аркылуу камсыз кылуу — менин негизги максатым.
Мен мыйзам менен адилеттикти, эл менен биримдикти, мамлекет менен өнүгүүнү камсыз кылууга ишенимдүүмүн.