НЫШАНОВ ДЖАЙЛООБАЙ ДАНИБАЕВИЧ

1968-жылдын 1-сентябрында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында туулган.

Иштеген жери жана ээлеген кызматы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты.

Жалпы маалымат (кыскача өмүр баяны):

Билими:

Жогорку билимдүү. 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган, “экономист” адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 2021-жылы — “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген;
  • 2022–2023-жылдары — “Манас Тур” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
  • 2023–2024-жылдары — “Манас эл аралык аэропорту” ААКнын “Жалал-Абад” филиалынын жетекчиси;
  • 2024-жылдан тартып — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты.