- Айыл чарбасын өнүктүрүү
Айыл чарбасы — биздин экономиканын негизи. Дыйкандарды колдоо, жер семирткич, техника жана суу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу — бул тармактын туруктуу өнүгүшүнүн башкы шарты. Айыл жериндеги эл эмгектин баасын көргөндө, өлкө да өнүгөт.
- Ишкерликти колдоо
Ишкер — өлкөнүн экономикасын негизги кыймылдаткыч күчү. Биз чакан жана орто ишкерлерди салык кодексинин мыйзамдарын ишке ашырууда ишкерлер менен түз кеңешип коомдук талкууну уюштуруу жана мыйзамдык колдоо аркылуу өнүктүрүшүбүз керек. Ар бир ишкер — жаңы жумуш оруну, жаңы мүмкүнчүлүк.
- Маданият тармагын өнүктүрүү
Элдин руханий байлыгы — анын маданиятында. Биз маданий мурастарды сактап, жаштардын чыгармачылыгын колдоого тийишпиз. Театр, китепкана, өнөр жайы — тарбиянын жана улут биримдигинин негизи.
4.Медицина тармагын реформалоо
Саламаттыкты сактоо — ар бир жарандын негизги укугу. Медицина кызматтарын жеткиликтүү кылуу, заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу жана дарыгерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу — калктын саламаттыгын сактоонун негизги багыты.
- Элчилер менен тыгыз байланышта иш алып баруу
Эл аралык кызматташтык — аймактын өнүгүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк. Биз чет өлкөлүк элчилер менен тыгыз иштешип, инвестиция жана долбоорлорду тартуу аркылуу регионду көтөрүшүбүз керек.
6.Социалдык маселелерди жөнгө салуу
Элдин турмушу жакшы болмоюнча, өнүгүү болбойт. Ар бир жарандын социалдык абалын жакшыртуу — мамлекеттин парзы. Жетишсиз үй-бүлөлөргө, улгайган жарандарга жана жаштарга колдоо көрсөтүү — негизги багыт.
- Коомдук адеп жана морал маселеси
Коом адеп-ахлак менен жашайт. Урмат, ыйман, таза ой жана жоопкерчилик — коомду бекем кармаган баалуулуктар. Биз жаштарды туура тарбиялап, улуттук нарк-насилди сактап калууга милдеттүүбүз.