САБЫРБЕКОВА ЫРЫС САБЫРБЕКОВНА
Мен Ырыс Сабырбекова 1977-жылы 4-ноябрда КРнын Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөм. 1994-жылы Кара-Балта шаарындагы №10-орто мектепти аяктагам.Ошол эле жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун Кыргыз-Европа факультетинин экономика адистигине тапшырып, аны 1999-жылы артыкчылык диплому менен бүтүрдүм.
Эмгек жолумду 1998-жылы Толубай банкында кенже экономист болуп иштөөдөн баштагам. 2002-2005-жылдары КРнын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутатынын консультанты, парламенттик фракциялар жана топтор менен иштөө бөлүмүндө консультант болуп иштеп, КРнын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Аппаратынын ишин уюштурууга жооптуу болдум.
2005-2007-жылдары КРнын Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы жана консультанты болуп иштегем. 2007-2011-жылдары Кыргызстан Коммунисттер партиясынын Борбордук Комитетинин референти, КРнын Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы жана консультанты, Кыргызстан коммунисттер партиясынын фракция бөлүмүнүн консультанты болуп иштедим. 2011-2012-жылдары КРнын Жогорку Кеңешинин Экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм боюнча комитетинин бөлүмүндө эксперт болуп иштедим.
2012-2022-жылдары КРнын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бөлүмүндө эксперт болуп иштедим. 2022-2024-жылдары КРнын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын финансы-экономикалык камсыздоо бөлүмүндө башкы адис болуп иштедим.
Учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын иш кагаздарын камсыздоо бөлүмүндө башкы адис болуп иштейм.
Менин эки балам бар. Кызым Айгерим Бишкек шаарындагы №30 мектепте иштесе, уулум Байтур Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Жайыл районундагы Жекен айылында 10-класста окуйт.
Төмөнкү мамлекеттик сыйлыктарга ээ болдум: 2013-жылы КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын «Салык кызматташтыгын чыңдагандыгы үчүн» медалы; КРнын Жогорку Кеңешинин Бириккен профсоюз комитетинин 2015-жылдагы «Профсоюздук ишине сиңирген эмгеги үчүн» төш белгиси; жана 2015-жылы КРнын Экономика министрлигинин «Экономиканын отличниги» төш белгиси менен сыйланган. 2015-жылы КРнын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын “Кыргыз Республикасынын финансы рыногунун отличниги” төш белгисин алгам. 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйландым.
«Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси» наамына ээмин.