Ураан: Активидүү айым – активдүү чечим
КР ЖКга депутаттыкка кандидаттын программасы:
Экология: Заманбап технологияларды ишке киргизип, таштандыларды ылгап өзүнчө чогултуу, биздин шаарларды жана айылдарды жашылдандыруу, экологияны жакшыртуу үчүн чет өлкөлүк гранттарды тартуу.
Ден-соолук: Саламаттыкты сактоого инвестицияларды тартуу, жеке клиникаларды түзүүгө жардам берүү, төрөт үйлорү үчүн эрте төрөлгөн ымыркайлар үчүн кювет аппараттарын уюштуруу, медицина кызматкерлери үчүн социалдык пакеттерди түзүү.
Билим берүү: Жеке мектептерди жана колледждерди ачууга жардам берүү, жакшы мугалимдерди тартуу. Мугалимдерди заманбап ыкмалар менен окутуу курсун уюштуруу. Жергиликтүү мугалимдер үчүн социалдык пакеттерди түзүү.
Жумушчу орундар: Аймакта инвесторлорго жер участокторун берип, өнөр жай зоналарын ачуу, бул жумушчу орундарын пайда кылат.
Айыл чарба: Агро кооперативдерди түзүү жана майда товардык өндүрүштөн ири товардык өндүрүшкө өтүү, кооперативдер аркылуу каржылоо жана техниканы лизингдөөнү тартуу, натыйжалуу агротехнологияларды киргизүү.