Талапкердин шайлоо алдындагы программасы:
Мамлекеттик башкаруу — элдин күчү.
Адилеттүүлүктү жана мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө.
Мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын ишин ачык жүргүзүү, жарандарга маалымат жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
Коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу.
Элдин кызыкчылыгына кызмат кылган компетенттүү жана отчеттуу бийлик түзүү.
- Келечектин экономикасы — жашыл, туруктуу, элдик экономика
Жашыл технологияларды жана экологиялык таза чечимдерди өнүктүрүү.
Айыл чарбасын колдоо, кайра иштетүү өндүрүштөрүн өнүктүрүү, заманбап сугат системаларын киргизүү.
Ири жана чакан бизнеске шарт түзүү: салык жеңилдиктери, каржылык жеткиликтүүлүк, административдик тоскоолдуктарды азайтуу.
Инвестицияларды реалдуу секторго жана инновацияларга тартуу.
III. Билим жана жаштар — келечекке салым
Ар бир жаран үчүн сапаттуу билимге тең мүмкүнчүлүк түзүү, анын ичинде аралыктан окутуу.
Таланттуу жана социалдык жактан муктаж балдарды колдоо үчүн стипендиялык жана мамлекеттик программаларды өнүктүрүү.
«Акылдуу класстарды» жана санариптик билим берүү инфраструктурасын түзүү.
Кесиптик-техникалык билим берүүнү, өзгөчө аймактарда, өнүктүрүү.
Региондорду жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү
Жергиликтүү бийлик органдарынын ыйгарым укуктарын жана каржылык өз алдынчалыгын кеңейтүү.
Айыл жерлериндеги инфраструктураны жакшыртуу, медицина жана билим берүү кызматтарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, жумуш орундарын түзүү.
Бюджетти адилеттүү бөлүштүрүү, ар бир аймактын кызыкчылыгын эске алуу.
- Социалдык адилеттүүлүк жана жарандарды коргоо
Пенсиялардын, жөлөк пулдардын жана эмгек акылардын деңгээлин жогорулатуу.
Ардагерлердин, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргоо.
Ар бир жаран үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу саламаттыкты сактоо жана билим берүү системасын камсыз кылуу.
- Улуттук баалуулуктар жана биримдик
Эл аралык жана этностор аралык ынтымакты чыңдоо.
Кыргыз тилин жана маданиятын өнүктүрүү, башка элдердин маданиятына урмат менен мамиле кылуу.
Жарандык жоопкерчилик, мекенчилдик жана мыйзамга урмат сезимин калыптандыруу.
Менин максатым — элге жана мамлекетке кызмат кылуу, жарандардын укуктарын коргоо жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуу.