УЗАКБАЕВ УЛУКБЕК КАМЧИБЕКОВИЧ

Мен, Узакбаев Улукбек Камчибекович, 1987-жылдын 28-августунда Бишкек шаарында кызматкерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Кыргыз Республикасынын жараны, улутум — кыргыз. 2009-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктадым, ошол эле жылы Балыкчы шаарынын мобилизациялык чакыруу резервинин жыйынына катышкам. 2012-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинен экономист адистиги боюнча экинчи жогорку билим алдым.

2010-жылдын март айынан тарта Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында иштеп баштап, ал жерде 2024-жылга чейин ар кандай кызматтарда иштегем. Акыркы кызмат ордум — Ош облусунун Өзгөн районунун прокурору.

2024-жылы Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жж. коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик стратегияны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамына кирдим.

Азыркы учурда, 2025-жылдын сентябрь айынан бери, «Смарт Лекс» юридикалык фирмасынын жооптуу аткаруучу директору болуп иштейм.

Эмгек жолумда бир нече жолу ардак грамоталар жана медалдар менен сыйлангам.

Үй-бүлөлүүмүн, жубайым жана үч балам бар.

Бир тууган иним жана карындашым бар. Жакын туугандарым кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес.

Мурда Кыргыз Республикасынын гиря спорт федерациясынын мүчөсү болгом. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында изденүүчү болуп эсептелем.

Англис жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйм.