НУРМУХАМЕДОВ ЭРНАЗАР МУРАТБЕКОВИЧ

Мен, Нурмухамедов Эрназар Муратбекович   18 январь 1995 -жылы Панфилов районуна караштуу Кайынды шаарчасында туулгам. 2001 жылы 1 класска мектепке барып 2012 жылы КГТК – Абай колледжине окуу жайга тапшырып 2013 жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөр аскерине бир жыл мөөнөткө кеткем, ал жактан кичи сержант наамын алгам.

 

2016 жылы жогорку окуу жайда Чүй университетинде юриспруденция жагынан жогорку билим алгам. Биринчи жолку мамлекеттик кызматымды кичи сержант болуп Чүй облусуна караштуу ГУВД ППСМ де баштап көп өтпөй эле 2-3 айдан кийин өз каалом менен кызматтан бошогом, анткени милиция менден чыккан жок. 

 

2017 жылы Панфилов районуна караштуу Фрунзе айыл өкмөтүнө статистик экономист болуп орношком. Бир жылдан кийин аскер учеттук столунун инспектору болуп иштедим жана ошол эле жерде инвестиция тартуу кызматында кызмат кылып жүрдүм.

 

2020 жылы ээлеген кызматымды бошотуп өзүмдүн талапкердигимди айыл өкмөт башчысына дайындап баштадым. 2021 жылы 15 июнунда жергиликтүү кеңештин шайлоосу  менен 18 добуш менен 21 депутаттын ичинен айыл өкмөт башчысы болуп дайындалдым. Айыл өкмөт башчы болуп 3 жыл 8 ай мөөнөтүм аяктаганча иштеп бердим.

 

2025 жылдын февраль айынан баштап Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы болуп талапкердигимди жогорку кеңештин депутаттыгына көрсөтүп жатканыма байланыштуу убактылуу ыйгарым укуктарым токтотулган.