ЭДИГЕЕВ ЖЕНИШБЕК КУБАНЫЧБЕКОВИЧ
Мен Эдигеев Женишбек Кубанычбекович 1986-жылдын 09-майында Чуй облусунун Сокулук районунун 1-Май айылында туулгам. Улутум кыргыз, билимим жогорку, 2008-жылы Кыргыз Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин. Үй-бүлөм бар, 5 баланын атасымын.
1992-2003-жылдары Биринчи Май орто мектебинде окугам. 2003-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин экономист адистигине тапшырып, 2008-жылы жогорку билими тууралуу диплом менен аяктагам.
Эмгек жолун 2010-жылы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясында жаштар иштери боюнча жетектөөчү адис болуп иштөөдөн баштагам. 2012-жылы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясында экономика, ишкердик жана курулуш бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштегем.
2012-2016-жылдары Крупский атындагы Айылдык Кенешинин депутаты болуп шайланганмын.
2013-2017-жылдары Камышановка айыл өкмөтүндө жаштар жана спорт, миграция, ишке орноштуруу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адис болуп эмгектенгем.
2017-2024-жылдары Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангам.
2024-жылдан азыркы күнгө чейин Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалып, иштеп келе жатам.
Сыйлыктарым:
- Ак ниет эмгеги үчүн «2017-жылдын Мыкты-Жетекчиси» Ардак грамотасы менен сыйлангам (Кыргыз Республикасынын “Анти-мафия” укуктук эркин газетасы);
- Ардак грамота “Жылдын мыкты айыл өкмөтү” – Кыргыз Республикасынын улуттук тун гезити Кыргыз Туусу;
- Ардак грамота “2018-жылдын мыкты жетекчиси” ( Кыргыз Республикасынын “Анти-мафия” укуктук эркин газетасы);
- Сертификат Семаайыль Ундонг Корея Республикасы;
- Диплом Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы “2018-жылдын мыкты айыл өкмөт башчысы”;
- Мамлекеттик кадр кызматынын Сертификаты;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги”.